ЖАҢЫЛЫКТАР 01.11.18.

01-11-2018 08:19

Бүгүн, 1- ноябрдагы жыйында депутаттар адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” саатында өлкөнүн социалдык – экономикалык абалына кайрылышат. Ошондой эле республикада мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарын куруу темасына арналган өкмөттүк саат өтөт. Бул жолку олтурумда бир топ ратификациялык мыйзам долбоорлоруна да көңүл бурулмакчы.  

Жакында «Альфа Телеком» компаниясынын башкы директорлугуна  дайындалган Акылбек Жамангуловдун башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу анын ордуна жаңы мандат алып депутат болуп келген өкүл «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын тизмесинде турган Нурбек Тотонов. Ал парламенттин кечээки жыйынында ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

                          СНХ.Н.ТОТОНОВ

Жогорку Кеӊештин кечээки олтурумунда банк иштери боюнча ченемдик укук актыларын өз ара шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын банк иштери чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралды. Талкууда депутат Бакыт Төрөбаев жалпы банктардын эсебин тактап, алардын ишмердүүлүгү тууралуу ой бөлүштү.

                          СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

Эмне себептен банктардын өз имаратынын болушуна талап коюлбагандыгын тактаган депутат Улукбек Ормонов айрым банктар атайылап банкротко баруу жолун тандап, карызынан кутулуп кетүүгө ыктап жаткандай, - деп сынга алды.

                         СНХ.У.ОРМОНОВ 

Бала сатуу сыяктуу кылмыштын оор түрүнө аралашкан дарыгерлерге кандай чаралар колдонулат? Аларды жазага тартуу эле жетиштүүбү? Же дагы канткенде алардын жоопкерчилигин бекемдөөгө болот? Бул суроого жооп берген КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаевдин айтымында, андай врачтардын дипломун жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатат.

                         СНХ.М.КАРАТЕВ

Депутат Айнура Осмонованын белгилешинче, Жалал – Абаддагы ооркананын материалдык – техникалык базасы байкуш абалга жеткен. Лифттери иштен чыгып, сыркоолууларды жөө жалаңдап кабаттан – кабатка көтөрүп ташууга туура келген учурлар айла кеткендеги кырдаал, - дейт депутат жергиликтүү дарыгерлердин көйгөйлөрүнө токтолуп.

                         СНХ.А.ОСМОНОВА

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, киреше салыгын төлөөдөн стипендияларды алгандар бошотулат.  Бул тууралуу долбоордун 95 жана 96-беренелерине, ошондой эле Салык кодексинин 167-беренесине тактоо киргизилип жатат.

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 1 – ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо карга айланат. Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарынын тоо этектеринде жана Ысык – Көл областынын чыгыш тарабында нөшөөрлүү жаан жаайт. Электр зымдары менен бак – дарактарга суу кар жармашат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрден айрым учурларда 17 – 22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:0...5, Ош, Жалал – Абад, Баткен:4...9, Ысык – Көл: 2...7, Нарын:1...6 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 1 – ноябрда жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 3...5 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 47

Окшош жаңылыктар