ЖАҢЫЛЫКТАР 30.10.18.

30-10-2018 08:38

Бүгүн, 30 – октябрда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет бир катар ратификациялык мыйзам долбоорунан тышкары Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызмат ордуна жаңы талапкерди дайындоо маселесин дагы карамакчы. Ал эми Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында болсо «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзам долбоору талкууланат.

Республикалык бюджет маселеси каралып жатканда депутат Тынчтык Шайназаров, - Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан, айыл чарбасын каржылык жактан колдоону күчөтүү зарылчылыктарына токтолуп, ошол эле мезгилде  туризм тармагына да олуттуу көңүл бурууга чакырды.

                               СНХ.Т.ШАЙНАЗАРОВ

Катталбаган жер тилкелери дагы бар.  Ошондуктан, бардык жерлерди инвентаризациялоо керек. Мындай сунушту депутат Абылкайыр Узакбаев көтөрүп, эгер бул иш колго алынса, өлкөнүн бюджетин толтуруу булактары табылмак, - дейт.

                              СНХ.А.УЗАКБАЕВ

2019-жылы аймактарды өнүктүрүүгө деп 2 млрд. сом каражат бөлүнө тургандыгын тактаган депутат Зиядин Жамалдинов бул каражат өнүгүүгө жумшалышы керектигин эскертти.

                             СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Кыргызстанда канча мүлкүбүз бар? Алардын баасы кандай сумманы түзөт? Бардыгын иреттеп чыгуу керек. Коңшу Казакстанда бул абал замга тизгендей жолго салынып, инвестордордун көңүлүн дароо өзүнө бурат. Ушундай тажрыйбалардан сабак алсак дурус болмок, - деген пикирин ортого салган депутат Мирлан Бакиров болду.

                            СНХ.М.БАКИРОВ

                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 30-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерине туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал – Абад, Баткен: 14…19; Талас, Ысык – Көл, Нарын:10…15 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 30 – октябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 16…18 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 40

Окшош жаңылыктар