Билим берүү уюмдарынын жетекчилери 65 жашка чыкканда алар менен түзүлгөн келишим токтотулат

29-10-2018 16:52

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети бүгүнкү, 29 - октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карады. Мыйзам долбоорунун мааниси билим берүү уюмдарынын жетекчилери 65 жашка чыкканда алар менен түзүлгөн келишимди токтотуу болуп саналат.

КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.Жусупбекованын баяндашынча, азыркы учурда мамлекеттик жана муниципиалдык билим берүү уюмдарынын 55 жетекчиси 65 жашка чыккан. Ошол эле мезгилде алар педагогикалык кызматкер катары таанылышат.

Жаш курагы 65 жашка келген мектеп директорлору кызмат ордун бошотуп берген соң, кааласа насаатчы катары иш алып бара алары айтылды. Депутаттар эгер ал ишке ашса, акы төлөнбөгөн коомдук башталыштагы жумуш катары таанылар – таанылбасын такташты.

Талкуу жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөрдүн концепциясы жактырылып, аны биринчи окууда кабыл алуу жагы Жогорку Кеңешке сунушталды.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 454

Окшош жаңылыктар