ЖАҢЫЛЫКТАР 29.10.18.

29-10-2018 08:30

Бүгүн, 29 – октябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карайт. Бишкек шаарынын жаңы конуштарында «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү» мыйзамдын аткарылышы да күн тартибиндеги негизги маселелердин бири. Андан тышкары ратификациялык мыйзам долбоорлору да талкууланат.

Ысык-Көлдөгү эс алуу жайлары, К.Батыровдун мүлктөрү боюнча кандай иштер болуп жаткандыгын тактаган депутат У.Ормонов бул маселени парламенттин тармактык комитети карап чыгышы керек,- дейт.  

                             СНХ.У.ОРМОНОВ

Жогорку Кеңеш тарабынан Ош шаарындагы таштандыларды иштетүү боюнча ратификациялык мыйзам кабыл алынып, өлкө башчысы тарабынан кол коюлган. Учурда бул макалдашуу боюнча таштанды иштетүүгө жер бөлүнбөгөндүктөн, башталбай токтоп турат. Буга байланыштуу кредиттик жана гранттык каражат келген. Андыктан КР Өкмөтү кийлигишип, жер маселесин чечип, ишти ыкчамдатуусу зарыл,  дейт депутат Абдывахаб Нурбаев.

                            СНХ.А.НУРБАЕВ

Бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда бир катар мүмкүнчүлүктөр көз жаздымда калып жаткандыгына токтолгон депутат Аалы Карашев, -  “Маселен, товарларды маркалоодон канча каражат төшөт эле. Бул жаатта бир дагы пилоттук долбоор иштелип чыгып, аткарылган жок”,- дейт.

                            СНХ.А.КАРАШЕВ

Бишкек шаарындагы эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсү орун алган аймак ушул тапта кимге, канча мөөнөткө, кандай шартта берилгендигин тактоону сунуштаган депутат Закир Шарапов, - “Манас айылы”, “Фланминго” эс алуу жайынын кейиштүү абалда тургандыгына токтолду.

                          СНХ.З.ШАРАПОВ

Депутат Дастан Бекешев, “Туристтерди тосуп алганыбыз менен, тарыхый – маданий жайларыбыздын абалын көрсөткөндөн тартынабыз. Себеби, экспонаттардын бир тобу толук эмес. Маданий жайларга болсо кафе сыяктуу коомдук тамактануучу жайлар ачылып кеткен”, - деп маданият министрлигине суроо жолдоду.

                         СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 29-октябрда тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.Абанын температурасы Чүй:12…17; Талас:10…15; Ош, Жалал – Абад,Баткен: 13…18; Ысык – Көл, Нарын: 11…16 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 29 – октябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 15…17 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 37

Окшош жаңылыктар