ЖАҢЫЛЫКТАР 26.10.18.

26-10-2018 08:15

Бүгүн, 26 – октябрда «Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтөт. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында жашыл экономикага өтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коомдук кеңешинин ишинин алкагында иштелип чыккан. Жогорку Кеңештин жыйындар залында өтүүчү бул иш чараны “Парламент” радиосу түз алып уктурмакчы.

Кыргыз Республикасындагы автоунаа жолдорун куруу, оңдоо жана камсыздоо боюнча Өкмөттүн ишмердүүлүгү тууралуу маселе бүгүн, 26 - октябрдагы КСДП фракциясынын жыйынында каралат. “Республика – Ата - Журт” фракциясы дагы бул күнү кезектеги олтурумуна чогулуп, ЕАЭБ мүчөлүгүнүн натыйжалуулугу жана ага мүчө мамлекеттер ортосундагы соода  - сатык иштериндеги тоскоолдуктарды жоюу жагдайларын талкуулайт. “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбооруна болсо “Өнүгүү - Прогресс” фракциясы көңүл бурат.

Депутат Сагындык Келдибаевдин айтымында, 2009-жылдан баштап 400дөн ашуун имарат мыйзамсыз жерлерге курулуп калган. “Эч бир “кызыл китеби” жок эле жерлер сатылып кеткендигине жер сатып алган жаранбы же жер саткан жаранбы же ошол курулушту убагында мыйзамсыз деп токтотуп калбаган мамлекеттик мекемеби, кимиси күнөлүү?”- деген суроону көтөргөн эл өкүлү Өкмөт бул маселени көзөмөлгө алсын, - деп талап кылды.

                                СНХ.С.КЕЛДИБАЕВ

“Өлкөдө үй курууга үлүш кошкондордун укуктарын коргоо боюнча мыйзам жок. Алар кандайдыр бир фирмаларга алданып, ай талаада калып жатышат”,- деген депутат Улан Примов тармактык комитетке протоколдук тапшырма берүүнү сунуштап, маселенин олуттуулугун белгиледи.

                                СНХ.У.ПРИМОВ

Мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө келгенде теңсиздик орун алып жаткандыгын белгилеген депутат Максат Сабиров, - бул тармактагылардын кээлери 3000 сом алса, кайсы бирлери 60 миң сом алары акыйкаттыкка жатпастыгын айтып чыкты. 

                              СНХ.М.САБИРОВ

Суу чарба инженерлеринин деле айлыктары жыргап кетпептир. Бул жагдайга кайрылган депутат Кенжебек Бокоев алардын айына тапкан кирешеси болгону 4-6 миң сомду түзүп жатса, алардын жоопкерчилиги канчалык? – деген суроону койду.

                              СНХ.К.БОКОЕВ

Депутат Мирлан Бакиров да ушул эле маселени улай, 2019-жылдын бюджети каралып жатканда суу чарба кызматкерлеринин эмгек акыларын көтөрүүгө каражат табууну Өкмөттөн талап кылуу керектигин белгиледи.

                             СНХ.М.БАКИРОВ

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 26 – октябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:19...24; Ош, Жалал-Абад, Баткен:20...25; Ысык-Көл, Нарын: 13...18 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 26 - октябрда жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 22…24 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 75

Окшош жаңылыктар