ЖАҢЫЛЫКТАР 25.10.18.

25-10-2018 08:19

Бүгүн, 25-октябрдагы жыйынында Жогорку Кеңеш  адеп  “Ар кандай маселелер” саатына орун берет. Ошондой эле республикадагы мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарын куруу жөнүндө өкмөттүк саат өтөт. “2018/2019-жылдардын күз-кыш мезгилине карата Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндөгү” Жогорку Кеңештин токтом долбоору талкууланат.

Жогорку Кеңештин кечээки олтурумунда “Үрөн жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү биринчи окууда каралды. Анда аттестациядан өткөн гана үрөн чарбаларынын тизмеси түзүлөрү айтылып, аны КР Өкмөтү бекитет, - деп так жазылууда. Үрөндү импорттоодон кетүү зарылдыгын билдирип, төрага Дастанбек Жумабеков буларга токтолду.

                      СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

Талкууда депутат Рада Туманбаева үрөн чарбасы, көчөттөр менен алектенген ишкерлерге жол ачылып жаткандыгын, сырттан кирүүчү үрөндөр фитосанитариялык мекеме тарабынан текшерилерин айтып, мыйзам долбоорун колдоого чакырды.

                      СНХ.Р.ТУМАНБАЕВА

Алмуруттун “Талгарка” сорту бактериологиялык күйүк менен ооруп, куурап жок болуп жаткандыгы айтылууда. Буга карата кандай чаралар көрүлүп жаткандыгына депутат Кенжебек Бокоев кызыкты.

                      СНХ.К.БОКОЕВ

Сырттан келип жаткан көчөттөрдүн сапатын кантип текшересиздер? – деген суроону койгон депутат Алтынбек Сулайманов андан көрө жердин кыртышын жакшыртуунун жолдорун карап, ага ылайыктуу көчөттөрдү камдоо зарылдыгын белгиледи.

                     СНХ.А.СУЛАЙМАНОВ

Дүйнөнүн 12 мамлекети биригип илбирс жаныбарын коргоо тууралуу атайын Бишкек декларациясын 2003 – жылы эле кабыл алган. Бул жыл сайын азайып бара жаткан илбирс тукумун сактап калуу маселесинин олуттуулугуунан кабар берет. Аталган жаныбарлардын акыркы эсептеги саны 200гө жетип – жетпейт, - дейт депутат Экмат Байпакбаев “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                    СНХ.Э.БАЙПАКБАЕВ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүк боюнча департаментинин директору Алмаз Мусаев жапайы жаныбарларга аңчылык кылуудагы белгиленген тарифтер менен тааныштырды. Адистин айтымында, тоо койлорун атууга уруксаатты 450 миң сом төлөгөн соң алчу. Азыр болсо бул сумма 700  миң сом,- деп белгиленүүдө. 

                    СНХ.А.МУСАЕВ  

             АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 25 – октябрда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен:17...22; Талас:16...21; Ысык-Көл, Нарын: 11...16 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 25 - октябрда жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 19…21 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 48

Окшош жаңылыктар