ЖАҢЫЛЫКТАР 24.10.18.

24-10-2018 08:26

Бүгүн, 24-октябрдагы жыйынында Жогорку Кеңеш  “Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн экинчи окууда карайт. “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү” мыйзамга депутат К.Бокоев тарабынан сунушталган өзгөртүүлөрдүн концепциясы да бул жолку жыйындын талкуусуна коюлат.  “2016-2017-жылдардагы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндөгү” Акыйкатчынын (Омбудсмендин) баяндамасын угуу да бүгүн, саат 14кө белгиленүүдө.

Ушул 2018 - жылдын 20 – октябрына карата 35 мектептин курулушу аяктап, 4 балдар бакчасынын курулушу бүткөрүлгөн. Жыл акырына чейин жалпысынан 39 мектептин ишке берилиши күтүлүүдө, - дейт  КР Вице – премьер – министри А. Өмүрбекова тармактык комитеттин жыйынында.                               

                     СНХ.А.ӨМҮРБЕКОВА

Депутат Т.Зулпукаров, - “Бишкек, Ош шаарларындагы мектептерде эле окуучулардын саны арбып жаткан жок. Мындай көрүнүш Ноокат районундагы Крупская атындагы мектепте да орун алган. Ал 600 орунга эсептелген менен, андагы окуучулардын эсеби 3280ден ашып кеткен. Ушундай үч нөөмөт менен окуган баллардын билим сапатына кандай деп баа берилет?” – дейт. 

                     СНХ.Т.ЗУЛПУКАРОВ

Балдар бакчалары  менен мектептерге кирүү үчүн уюштурулган электрондук кезекке туруунун канчалык калыс жыйынтык берип жаткандыгына депутат Е.Строкова кызыкты.

                     СНХ.Е.СТРОКОВА

Депутат Ж.Акаев менен А.Касымалиева региондогу мектептердин кыбыраган курулуштарында качан жылыш болорун такташты.

                     СНХ.Ж.АКАЕВ

                     СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Республика боюнча азыркы тапта 3 нөөмөт менен окуп жаткан 158 мектеп бар. Бул тууралуу маалымат менен КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.Жусупбекова бөлүштү.

                    СНХ.Н.ЖУСУПБЕКОВА

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 24 – октябрда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен:17...22; Талас:14...19; Ысык-Көл:10...15, Нарын: 8...13 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 24 - октябрда жамгыр жаабайт. Абанын температурасы 19…21 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 59

Окшош жаңылыктар