Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 15.09.16.

15-09-2016
09:22

Бүгүн, 15-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорун  экинчи окууда карайт.  “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору да  Өкмөт тарабынан демилгеленүүдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө  жана  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Жээнбеков тарабынан Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматына дайындоону жактыруу үчүн сунуш кылынган Түгөлбай  Казаковдун талапкерлиги каралат.

“2010-жылы кабыл алынган өлкөнүн баш мыйзамы убагында элдин суроо-талабын эске алып, кылдат жазылган. Эң ириде ал ошол кездеги абалды турукташтырууну максат кылган. Бирок, турмуш көрсөткөндөй, баш мыйзамдагы айрым бир түзөтүүлөрдү талап кылган жагдайлар ачыкталып калды. Ошондуктан, Конституциядагы элге керектүү жерлерди оңдоп-түзөө сунушун туура кабыл алышыбыз керек”,- дейт депутат Кожобек Рыспаев кечээ, 14-сентябрда “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                             СНХ.К.РЫСПАЕВ

Ошол эле учурда депутат К.Рыспаев,- “Көпчүлүк коалициядан шайланып келген лидер Өкмөт башчылыгына барат деген норма Европа мамлекеттеринде колдонулуп жүргөн менен, азырынча бизге эртелик кылат”,- деген пикирде.

                             СНХ.К.РЫСПАЕВ

“Премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүүгө көңүл бурулуп жатканы менен жаңы көтөрүлүп жаткан демилгеде аны көзөмөлдөй турган органдын орду кандай болот, бул жагы  так көрсөтүлбөй калган. Экинчиден,  Өкмөт башчысы менен биринчи вице-премьер-министр кызмат ордуна барган киши кызматынан кетсе, алар кайрадан депутаттык мандатын сактап калып, парламенттеги ишин уланта берет деген сунушка кошулбайм. Бул принципиалдуу эмес”,- дейт А.Салянова.

                            СНХ.А.САЛЯНОВА

Депутат Сайдулла Нышанов өлкөдө орун алып жаткан автокырсык кесепеттерин Жогорку Кенңештин тармактык комитети иликтөөгө алышы керек,- деп эсептейт. Канчалаган адамдардын өмүрүн алган жол кырсыктары кескин чара көрүүнү талап кылат. Буга сатылып жаткан айдоочулардын күбөлүгүнүн да терс таасири тийип жатат,- дейт эл өкүлү.

                             СНХ.С.НЫШАНОВ

                         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 15-сентябрда Ош облусунун кээ бир тоолуу райондорунда жана Нарын облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы Чүй:23...28, Талас:20...25, Ош, Жалал-Абад:25...30, Баткен:24...29, Ысык-Көл:18...23, Нарын:19...24 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 15-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы 26...28 градус  жылуу болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 14.07.21.

Жогорку Кеңешке алдыда шайлануучу 90 депутатты  аралаш  (параллелдик) система менен тандоо үчүн жаңы шайлоо системасын  киргизүү сунушталууда. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 07.07.21.

Парламенттин бүгүнкү,  7 – июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Электрондук соода жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 05.07.21.

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 30.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  30 – июндагы жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  23 – июндагы жыйынында “Электр жана почта байланышы жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 17.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  17 – июндагы жыйынында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы жана республиканын аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча маалыматы угулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...