Депутат А.Нурбаев Аргентина элчиси Р. Лагорио менен жолугушту

12-10-2018 16:36

Бүгүн, 12-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахаб Нурбаев Аргентинанын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Рикардо Эрнесто Лагорио менен жолугушту.

Төрага орун басары А.Нурбаев элчинин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктады. “Бул сиздин Кыргызстанга болгон биринчи сапарыңыз экен. Географиялык жактан алганда эки башка жакта болсок дагы, сиздин эки өлкөнүн маданий-гуманитардык мамилелерин кеңейтүүгө салым кошооруңузга үмүт артам”,- дейт А.Нурбаев. Ошону менен катар элчиге Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү жана республиканын парламенттик башкаруу формасына өткөндүгү тууралуу учкай кеп кылып берди.

Өз кезегинде элчи Р.Лагорио мурда Аргентинанын вице-президенти жана өлкө Конституциясы боюнча Сенаттын төрагасы болгондугун айтып берди. Ал парламенттик демократия эмне экендигин жакшы түшүнөрүн, андыктан ишеним грамотасын тапшыргандан соң биринчи иш сапарын Жогорку Кеңештен баштаганын белгиледи. Элчи эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык кызматташуунун зарылдыгына токтолду. “Бизди фундаменталдуу баалуулуктар менен көз караштар бириктирет. Алар - көп полярдуу дүйнө жана демократия”,- дейт ал.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1506

Окшош жаңылыктар