“Ата Мекен” парламенттик фракциясы тышкы карыздарга тиешелүү маселелерди талкуулады

12-10-2018 14:01

Бүгүн, 12-октябрдагы “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызы тууралуу тиешелүү Финансы министрлигинин жана Эсеп палатасынын маалыматы угулду.

Кыргыз Республикасынын финансы министри Адылбек Касымалиев 2018-жылдын 31-августуна карата өлкөнүн ички жана тышкы карызынын жалпы көлөмү 4 млрд. 395,02 млн. АКШ долларына барабар экенин белгилеп: “Карыздын өлчөмү ички дүң продукцияга карата 56,4%ды түзөт. Анын ичинен 86,4%ы же 3 млрд. 797,38 млн. АКШ доллары мамлекеттин тышкы карызы болуп эсептелет. Ал эми мунун ички дүң продукцияга болгон катышы 48,7%га жетет”, – деди.

Ошондой эле, мамлекеттин тышкы карызына байланыштуу жүргүзүлгөн акыркы аудиттик текшерүүлөрдө көйгөйлүү маселелер аныкталганын айткан Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов: “Биринчиден мамлекеттик карызды эсепке алуу жана ага статистика жүргүзүү боюнча атайын бекитилген методология жок. Ага ылайык, сырткы карыздын көлөмүнө тиешелүү акыркы аудитте 637 млн. сом өлчөмүндө бурмалоо аныкталды”, – деди. Андан сырткары, Улукбек Марипов мамлекет алынган карыз акчаны убагында өздөштүрбөгөндүктөн, насыя жана анын пайызынан тышкары, дагы 4,6 млн. АКШ долларын кошумча төлөгөндүгүн маалымдады.

Эл өкүлдөрү алынган насыяларды эффективдүү пайдаланбагандыктан, максатталган иштер аткарылбагандан башка, өлкөнүн көз карандысыздыгына коркунуч жараткан көйгөйлөр да жаралып жатканын белгилешип, бул жаатта Өкмөт тыкыр иш алып баруу керектигине токтолушту. Жыйын алкагында депутат Акылбек Жапаров баяндама жасап, эгемендик жылдардан берки алынган карыздардын 27%ы ар кандай реформаларга жана сомду туруктуу кармоого кетсе, 25%ы жол курууга, 22%ы энергетика тармагына жумшалганын мисал кылды. Бирок көзгө көрүнөрлүк иштер жок экенин айткан эл өкүлү, карыздардын кайда, кантип пайдаланылганын карап чыгуу зарылчылыгын кошумчалады.

Ал эми депутат Наталья Никитенко маселени Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгып, кеңири талкуулоо керектигин билдирди.

Мындан тышкары, бүгүнкү жыйында жарандык активист Канышай Мамыркулованын кайрылуусу да каралып, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин текшерүү боюнча тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселеси көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 1710

Окшош жаңылыктар