Депутаты Пархат Тулендыбаев Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушту

12-10-2018 12:47

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Пархат Тулендыбаев Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө депутат карыларды өтүп кеткен майрамы менен куттуктап, ала барган белегин таратты. Андан тышкары, жыйындын катышуучуларына чакан концерттик программа тартууланды.

Карыларга көңүл буруп, аларды октябрдагы майрам күнү гана эске албастан ар бир күнү сыйлап батасын алуу керек экенин айткан депутат Пархат Тулендыбаев: “Биз карыларды жылдын 365 күнү эстеп, колубуздан келген сыйыбызды кылуубуз абзел. Бул адамдар өзүнүн жаштыгын өлкөнүн өнүгүшүнө арнаган инсандар. “Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт” дегендей карыларыбызды көзү барда сыйлап, батасын алып калалы деген максатта бүгүнкү иш чараны уюштуруудабыз”, – деди.

Жолугушуунун соңунда кеңири пикир алмашуу болуп, эл өкүлү элдин маселелери менен таанышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1628

Окшош жаңылыктар