Депутат Азамат Арапбаев: “Саламаттыкты сактоо тармагы боюнча баардык лабораторияларды бир стандартка келтирүү керек”

12-10-2018 12:20

Бүгүн, 12-октябрда КСДП парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо тутумун реформалоо, энени жана баланы коргоо жаатында көйгөйлөрдү чечүү багытында КР Өкмөтүнүн ишин карашты.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев КР Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга карата калктын ден-соолугун коргоо жана саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү программасы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, Кыргызстанда эне менен балдардын өлүмү арбып бара жатат. Ошону менен катар биздин өлкө кургак учуктун дарыга туруктуу формасы жайылтылган дүйнөнүн 18 өлкөсүнүн жана ВИЧ-инфекция эпидемиясынын өсүү темпинде турган 10 өлкөнүн катарына кирет. Мындан сырткары, майып балдарды саны дагы көбөйүүдө. Буга байланыштуу жогоруда аталган программанын артыкчылык берилген багыттары катары коомдук саламаттыкты алдын алуу, медициналык тез жардамды өнүктүрүү, лабораториялык кызматтарды жакшыртуу, саламаттыкты сактоону стратегиялык башкаруу, кадрдык ресурстар, электрондук саламаттыкты сактоону өнүктүрүү жана каржылоо системасын кайра карап чыгуу жана башкалар аталды. Министр К.Чолпонбаев бул артыкчылыктардын ар бирин өзүнчө чечмелеп, мерчемдеп жаткан иш-пландары менен бөлүштү.

Жыйында мындан сырткары, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев дагы министрликте жасалып жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Талкууда депутат Аида Касымалиева КР Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга карата калктын ден-соолугун коргоо жана саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү программасы парламенттин тармактык комитетинде дыкат каралып жер-жерлерде коомчулуктун катышуусунда тыкыр талкуулангандыгын маалымдап, эми анын аткарылышын тездетүү зарылдыгын баса белгиледи.

Депутат Азамат Арапбаев саламаттыкты сактоо тармагындагы башкы көйгөй каржы маселеси болуп жаткандыгына токтолуп, тармактык министрликке орчундуу сунуштарын берди. “Өлкөдө лабораториялар көп ачылып кетти. Алар чыгарган анализге жараша дарылоо процесси жүрөт. Тилекке каршы, туура эмес анализдер да чыгып калууда. Андыктан, баардык лабораторияларды бир стандартка келтирүү керек”,- дейт ал. Депутат Абдывахаб Нурбаев лабораториялардан туура эмес анализдерди чыгарып, оорубаган дартка эле дарыланган конкреттүү мисалдарды келтирип, буга министрлик тарабынан кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыкты. Саламаттыкты сактоо министри лабораторияларды аккредитациялоодон өткөрүп туруу максаты коюлуп жаткандыгын маалымдады.

Депутат Карамат Орозова бүгүнкү күндө үй-бүлөлөк аабалын каттоо актысы жок (ЗАГС) үй-бүлөлөрдөн, никеге турбаган үй-бүлөлөрдөн, өсүпүрүм кыздардан төрөлгөн балдардын укуктары корголбой алар жөлөкпулдарды ала албай келе жатканын айтып, мындай балдар Социалдык коргоо министрлигинин коргоосуна муктаж болуп жатканын билдирди.

“Саламаттыкты сактоо тармагына бюджеттен бөлүнгөн каражат аз деген туура эмес”,- деген депутат Асылбек Жээнбеков бүгүнкү күндө бул тармакка бөлүнгөн 15 млрд сомду туура бөлүштүрсө көптөгөн маселелер чечилерин, бул жагдайга кесипкөй менеджер керек болуп жатат деген көз карашын ортого салды. Министр К.Чолпонбаев бул маселе боюнча жооп берип жатып: “Электрондук саламаттыкты сактоого өтүшүбүз керек, ошондо баары ачык-айкын болот”,- дейт.

Жыйынтыгында тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго фракция депутаттары тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу жагы тапшырылды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1409

Окшош жаңылыктар