“Республика – Ата Журт” фракциясы 2018-жылдын 9 айындагы бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча маалымат укту

12-10-2018 12:11

Бүгүн, 12-октябрда “Республика – Ата Журт” фракциясы жыйын куруп, 2018-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын алдын ала жыйынтыгы тууралуу маселени талкуулашты. Фракция жыйынына КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров, КР Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Ражабалиев жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаровдун маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын 9 айында салыктык төлөмдөрдөн түшкөн каражат 57 млрд 479,7 млн сомду түзгөн, бул салык түшүрүүнүн болжолдонгон көрсөткүчүнө карата 101%ды түзөт. “Республикалык бюджетке болжолдонгон 46 млрд 310 млн сомдун ордуна 46 млрд 485,8 млн сом түштү. Бул болжолдонгон көрсөткүчкө карата 104%ды түзөт. Жергиликтүү бюджетке салыктан түшкөн каражат 10 млрд 993,9 млн сом. Ал болсо болжолдонгон 11 млрд 105,5 млн сомдун ордуна түшүп, аткаруу көрсөткүчү 99% болду”,- дейт Т.Абжапаров.

Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Ражабалиев өз баяндамасында Бажы кызматынын төлөмдөрдү жыйноо планы 30 млрд 738 млн сом болсо, иш жүзүндө 2018-жылдын январь-сентябрь айларында 30 млрд 838 млн сом чогултулуп, болжолдонгон көрсөткүчкө салыштырмалуу 100 миң сомго көп болгондугун белгиледи. “Биз жыл соңуна карата бажы төлөмдөрүнөн планга коюлган 39 млрд сомду 42 млрд сомго жеткирүүнү пландап жатабыз”,- дейт ал.

Талкуу жүрүшүндө фракция мүчөлөрү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылбай жаткандыгынын себептерине токтолушту. Жыйында кошумча нарк салыгы боюнча болжолдуу көрсөткүчтөр аткарылбагандыгы белгилүү болду. Келип түшөт деп болжолдонгон 8 млрд 992 млн сомдун ордуна 8 млрд 774 млн сом түшкөн. Депутаттар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн товарларынын жана ал жактарга чыккан товарлардын кирип чыгышына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгилешти.

Фракция жыйынынын соңунда региондорду өнүктүрүүнү эске алуу менен салыктан бошотуу боюнча оптималдаштыруу маселелерин карап чыгуу сунушталып, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн мыйзамсыз товар алып киргендерге чара көрүү, товарларды импорттого жана экспорттоого көзөмөл системасын киргизүүнү ыкчамдатуу тапшырмалары белгиленди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1160

Окшош жаңылыктар