Парламенттик угууда Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо маселелери талкууланып жатат

12-10-2018 11:28

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин  Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети менен Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө” мыйзамдарынын аткарылышы тууралуу, ошондой эле “Ысык-Көл” биосфера аймагында суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүп жатат.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров бул парламенттик угууга баардык тиешелүү мамлекеттик органдардын, жарандык коомчулуктун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышып жаткандыгын маалымадады.

Иш-чарада жогоруда аталган мыйзадардын аткарылышы жана мыйзам долбоору боюнча демилгечи депутат Экмат Байбакбаев кеңири баяндама жасап, ЫсыкөКөл көлүн кийинки муундарга экологиялык таза абалда өткөрүп берүү максаты тургандыгын баса белгиледи.

Парламенттик угуунун бир катар катышуучулары мурда Ысык-Көлдө балыктын бир катар түрлөрү байырлап келгендигин, бүгүнкү күндө алардын айрымдары жоголуп, айрымдары азайып кеткендигин айтып чыгышты. Ошону менен катар браконьерлердин балык кармоочу торлорунун көлдүн астындагы жаратылышка өтө зыянын келтирип жаткандыгын тизмектеп, алар менен кескин күрөшүү чараларын сунушташты. Мында башкы себеп адам фактору болуп жатканы, мурда балык кармоочу торлор капрон материалынан жасалып, белгилүү бир убакыттан кийин чирип жок болуп келген болсо, бүгүнкү кытай торлору 100 жылдап дагы жок болбостугу, дал ушул торлор балыктардын жок болушуна, суунун булганышына себеп болуп жаткандыгы тастыкталды.

Учурда иш-чаранын катышуучулары тиешелүү мыйзамдын аткарылышындагы алешемдиктерди айтып, сунуш-пикирлерин ортого салышууда.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 352

Окшош жаңылыктар