Жол - бул жашообуздун артериясы

11-10-2018 16:22

Өлкөнүн борбору болгон Бишкек шаарында эле эмес, региондордогу башка чакан шаарларда деле жанжолдор (тротуарлар) талаптагыдай эмес. Анын айынан негизги жол менен баскан айрым адамдар ар кандай кырсыктарга кабылбаса экен, - деген тынчсыздануулар күч. Бул тууралуу депутат Тынчтыкбек Конушбаев бүгүн, 11 –октябрда “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди. 

Курула турган жолдордун сметалык долбоорлоо иштеринде жалгыз аяк жолдорду салуу жагы милдеттүү түрдө эске алынышы зарыл, - деген депутат угармандардын да бир топ суроолоруна жооп берди.

“Ордо калаада иштеп жаткан негизги 3 долбоордун 1 – фазасында 49 көчөдө 95 чакырымга жакын жол оңдоо иштери жүргүзүлөт, жети көпүрө салынат - деп белгиленген. Анын 95%ы дээрлик аягына чыгып калды. Салынган көпүрөлөрдүн бешөө колдонууга берилди, дагы экөөндө иш жүрүп жатат” , - деп  билдирди ошол эле уктурууга катышкан Бишкек шаарынын вице – мэри Бакыт Дүйшөмбиев. Ошондой эле ал Лев Толстой көчөсүнүн Алматы көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейинки бөлүгү 2019 – жылы ишке бериле тургандыгын да маалымдады. 

 

КР Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 424

Окшош жаңылыктар