Көчмө жыйында «Дашман» жаратылыш коругунун статусун өзгөртүп, аны Улуттук жаратылыш паркын айландыруу жагы Өкмөткө сунушталды

11-10-2018 12:54

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин көчмө жыйыны Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында өткөрүлдү. Комитеттин жыйынында облустун калкын таза суу менен камсыз кылуу, «Дашман» жаратылыш коругунун статусун өзгөртүү маселелери негизги маселе катары каралды.

Ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча Жалал-Абад облусунда 24 долбоор каралып, анын ичинен 13 долбоор ишке ашырылып баштаган. Анын ичинде Базар-Коргон районунда да бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Жакынкы жылдары 193 миң калкты таза суу менен камсыз кылууга эсептелген ири долбоорду ишке ашыруу жагы да пландалууда. Мына ушундай ири долбоорлорду ишке ашырууда жергиликтүү маанидеги майда-барат маселелер кедерги болуп жаткан фактлардын бар экендиги айтылып, депутаттар тарабынан тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Ал эми «Дашман мамлекеттик жаратылыш коругу жөнүндөгү» маселе көп талаш-тартышты жараткан маселе болду. Жалпысы 50 миңдей калк жашаган Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Могол, Талдуу-Булак айыл аймактарынын калкы мына ушул «Дашман» жаратылыш коругу жайгашкан аймакта тиричилик кылып келген. Аталган айыл аймактарында жер үлүштөрү дээрлик жок. Элди жумуш менен камсыз кыла турган ишканалар жокко эсе. Бул жакта жашаган элдин жашоо-тиричилиги түздөн-түз токойго, тоого байланыштуу болуп келген. 2012-жылы Өкмөттүн 482-токтому менен «Дашман» мамлекеттик жаратылыш коругу деген статус алганы элдин жайыттары кыскарып, чөп чабындылары жокко чыгып, мөмө-жемиш терип ооокат кылуусу токтогон. Элге уруксат берилбеген менен эбин тапкандардын, колунан келген чоңдордун байый турган обьектисине айланган дешүүдө жергиликтүү тургундар.

Мына ушул «Дашмандын» жаратылыш коругу деген статусун өзгөртүп, улуттук жаратылыш паркына айландыруу маселеси Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров тарабынан комитеттин жыйынына сунушталган. Маселе жеринде жергиликтүү тургундар менен бирге талкууланып, аймактагы элдин жашоо-шартын жакшыртуунун жолдору туурасында сөз болуп, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен «Дашман» жаратылыш коругунун статусун өзгөртүп, аны Улуттук жаратылыш паркын айландыруу жагы Өкмөткө сунушталды.

Ошону менен бирге эле ата-энесинин пенсиясы бар, автоунаасы бар же дагы башка ушул сыяктуу шылтоолор менен балдарга жөлөкпул чегерилбей жатканы боюнча дооматтар айтылды.

Мындан тышкары же үлүш жери жок, же иштеген атайын кызматы жок, иштегенге ишкана жок айыл тургундары пенсияга чыгалбай жатканы туурасындагы маселе да кабыргасынан коюлду.

Комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров айыл тургундары тарабынан айтылган бардык маселелер боюнча иликтөөлөр жүргүзүлүп, ошол эле таза суу, эл тарабынан айтылган башка проблемалар боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелерге тапшырмалар берилерин белгиледи.

Комитеттин көчмө жыйынына депутаттар Мирлан Бакиров, Рада Туманбаева, Абылкайыр Узакбаев, Гүлнара-Клара Самат катышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 385

Окшош жаңылыктар