Укук коргоо жаатындагы бир катар улуттук жаӊы мыйзамдар өз ара шайкеш келтирилет

11-10-2018 11:34

Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди. Демилгечи – Өкмөт.

Мыйзам долбоору боюнча Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрайымы Наталья Никитенко маалымат берди.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексин, КР Жоруктар жөнүндө кодексин, КР Жазык-процесстик кодексин, КР Жазык-аткаруу кодексин, КР Бузуулар жөнүндө кодексин, “Пробациялоо жөнүндө”, “Мунапыс негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу чараларынын алкагында “Бузуулардын бирдиктүү реестрин” иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн. Ошонун негизинде жаӊыдан кабыл алынып, 2019-жылдын башынан тарта күчүнө кире турган бир катар мыйзамдар өз ара шайкеш келтирилүүдө.

Мыйзам долбоору менен бузууну жасаган жактарды каттоону жөнгө салуу тартиби жана бузууларды, колдонулган жаза-чараларды жана кошумча укуктук кесепеттерди каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырыларын аныктоо сунушталат. Буга байланыштуу, мыйзам долбоору менен КР Бузуулар жөнүндө кодексинин 40 жана 41-беренелерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 691

Окшош жаңылыктар