ЖАҢЫЛЫКТАР 11.10.18.

11-10-2018 08:23

Бүгүн, 11 – октябрдагы жыйынын Жогорку Кеңеш  “Ар кандай маселелер” саатынан баштайт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү кодексине сунушталган өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Ратификациялык бир катар мыйзам долбоорлору да талкуу ордосуна коюлмакчы.  

Эртең, 12-октябрда  “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө” мыйзамдардын аткарылышы тууралуу, ошондой эле “Ысык-Көл” биосфера аймагында суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулаган парламенттик угуу өтөт. Иш чараны Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет менен Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет биргелешип уюштурууда.

Депутат Азамат Арапбаев, - Унаа кырсыктарынын адам өмүрүн алган учурлары өсүп жатканда, "Коопсуз шаар" долбоорун иштетүү абдан зарыл”, - деген пикирин парламенттин кечээки жыйынында билдирди. Ошол эле мезгилде ал "Коопсуз шаар" долбоору боюнча сынакты өткөрүүдөгү Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин шалаакылыгын сынга алып, соттошууга чейин барган фактыларга кайрылды.

                            СНХ. А.АРАПБАЕВ

Депутат Акылбек Жапаров дагыКоопсуз шаар” долбоору боюнча ким - кимди сотко берип жатканын тактап, көз карандысыз комиссияны сотко берүү адилеттикке жатпастыгын билдирди.

                            СНХ.А.ЖАПАРОВ

Депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеңеште Кыргыз – кытай мамлекеттер аралык туризм  тармагын өнүктүрүүнү сунуштоону көтөрүп чыксам, жабыла жалаага жыккандар көбөйдү, - деп парламенттин кечээки олтурумунда атайын билдирүү менен чыкты. “Мага карата башталган каралоонун артында саясий каршылаштарымдын турушу ыктымал”, - дейт эл өкүлү.

                            СНХ.М.МАВЛЯНОВА

Кыргыз-казак мамлекеттик чек араларында 1055 чек ара мамылары орнотулган. Бул тууралуу парламенттин кечээки жыйынында айтылды.  Талкууда депутат Бакыт Төрөбаев Каркырадан баштап, Таласка чейинки кыргыз – казак чек араларындагы абалга так түшүндүрмө берилсин, - деп талап кылып, талаш жараткан жерлердин бар – жогун дагы тактады.

                           СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 11 – октябрда Ысык – Көл областынан башка региондордо жаан – чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:12...17, Талас:8...13, Ош, Жалал – Абад, Ысык - Көл:11...16,  Баткен:13...18, Нарын: 9...14 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 11 – октябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 15...17 градус жылуу болот.  

Көрүүлөрдүн саны : 113

Окшош жаңылыктар