Айтматов ааламынан анык кеп

10-10-2018 16:05

Союз маалында Орто Азиянын саясый провинциясы болуп келген Кыргызстанда 1986 – жылы “Ысык - Көл” форумунун өткөрүлүшү өлкөбүзгө берилген өтө чоң ишеним болгон. Бул жерде ааламда адабият багытында гана эмес, саясаттын сересинде да сезимтал ой жүгүртө алган дүйнөнүн “Мен – мен” деген интеллигенциясы жыйналган иш - чарага чыйыр салынып, анын башында залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов турган, - дейт депутат К.Иманалиев бүгүн, 10 – октябрда “Парламент” радиосуна курган маегинде “Ысык - Көл” форуму тууралуу маалымат берип.   

Албетте, “Ысык - Көл” форумунун өтүшүнө андагы СССРдин тушунда КПСС БК Башкы катчысы М.С.Горбачевдун колдоосу зор болгон. Журналисттерге жооп берген интервьюсунда ал , - кайра куруу, сенектиктин жылдарын Айтматовдун, Распутиндин, Астаховдун чыгармаларын окуп, анык түшүнгөндүгүн билдирген.

Дүйнө эли кайталап окуганга куштарланган Айтматовдун чыгармаларын алып көрсөк, жазуучунун чыгармаларында тарыхый инсандар эмес, катардагы карапайым калк катмарынан тандалган каармандар башкы кейипкерге айланган. Ошол жөнөкөй адамдардын образы аркылуу жазуучу планетардык көйгөйлөрдүн көрөңгөсүн аңтара билген, - дейт эл өкүлү. 

Быйылкы жылы өткөн III «Ысык - Көл» форумунда 50 – 60тай баяндамалар жасалды. Форумду уюштуруу - системалык жана институционалдык мүнөзгө ээ боло алат. Анткени, бул жерде миграциядан тартып, мөңгөлөрдү коргоо, котормо иштерине чейин ар бир багытка олуттуу көңүл бурулду, - дейт иш чарага катышкан депутат.  

“Ысык - Көл” форуму кайсыл мамлекетте улантылбасын, ал өз аталышын сактап кала берет, - деген депутат, - кийинки форумду өткөрүү кезегин Германия мамлекети өз миссиясына алууга ниеттенип жаткандыгын билдирди.

 

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 379

Окшош жаңылыктар