ЖАҢЫЛЫКТАР 10.10.18.

10-10-2018 08:37

Бүгүн, 10 – октябрда Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карайт. Ошондой эле ратификациялык мыйзам долбоорлору да күн тартибине коюлган. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да биринчи окууда талкууланат. “Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу кепилдиги жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр да каралмакчы.  

Бишкек шаарындагы ички жолдордун оңдоп – түзөө иштерине, -  деп 2017-жылы “БАС” кичи ишканасына 751 млн сом бөлүнүп берилсе, быйылкы жылга 275 млн сом ажыратылган. Кытайдан алынган гранттын  эсебинен 47 көчөнүн 90 чакырымдык капиталдык ремонту менен курулушу бүткөрүлгөн. Эми алдыдагы 2019-жылы жалпы узундугу 70 чакырымдык жолдор оңдолот. Ал 60 көчөнү камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азис Суракматов Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кечээки жыйынында билдирди.

                              СНХ.А.СУРАКМАТОВ

Курулуш секторундагы кырдаалды жакшыртуу боюнча шаар мэриясынын пландарына депутат Тынчтыкбек Конушбаев кызыкты. Ошондой эле жер сатуу маселесиндеги абалды да ачыктоону талап кылды.

                              СНХ.Т.КОНУШБАЕВ

Депутат Айнуру Алтыбаева 2010 – жылдагы революцияда уурдалган “Баатыр эне” орденинин так  эсеби кантип чыгарылат? – деген суроону мамлекеттик сыйлыктар боюнча адистерге жолдоп, ошол революциялык кырдаалды айтып, тынчсыздангандыгын билдирди.

                              СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндөгү» мыйзамдын өзгөртүүлөрүн экинчи окууда карады. Анда Чыңгыз Айтматовдун көркөм мурасын сактоо, кеӊири жайылтуу, кыргыз адабиятын, искусствосун жана маданиятын эл аралык деңгээлде даңазалоо болуп саналат. Талкуу жүрүшүндө депутат Таабалды Тиллаев жогоруда аталган мыйзамдагы ордендердин иерархиясын карап чыгууну сунуштады.

                              СНХ.Т.ТИЛЛАЕВ

                         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 10 – октябрда Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарынын көпчүлүк аймактарында жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык – Көл жана Нарын областтарынын тоо этектеринде кар аралаш жаан жаайт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:10...15, Ош, Жалал – Абад, Ысык – Көл, Нарын: 11...16,  Баткен:12...17 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 10 – октябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 13...15 градус жылуу болот.  

 

Көрүүлөрдүн саны : 26

Окшош жаңылыктар