ЖАҢЫЛЫКТАР.08.10.2017

08-10-2018 09:10

6-октябрда Европалык  кызматташтык жана коопсуздук уюмунун Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү отуруму Бишкек шаарында  жыйынтыкталды. Жыйындын жүрүшүндө аталган уюмдун Башкы катчысы сөз сүйлөп, Кыргызстанга аталган иш чараны жогорку денгээлде өткөргөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

                                    СНХ.К. ИМАНАЛИЕВ

Билим берүү үзгүлтүкө учурабашы зарыл. Бул тууралуу “Кырыгзстан” фракциясынын отурумунда депутат Тынчтыкбек Конушбаев билдирди. Мектептердин курулушу өз убагында бүтпөй, окуучулар төрт нөөмөт менен окуп, айрымдары жеке үйлөрдөн билим алууга аргасыз болуп, ыңгайсыздыктар жаралууда. Мамлекеттик архитектура курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба агенттигинин иши фракциянын отурумунда катуу сынга алынды.  3 жыл аралыгында аталган агенттиктеги мыйзам бузуулар боюнча финансылык полиция 16, ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 28 кылмыш ишин козгогон.2015-жылдан бери, гранттык акча каражаттарына 47 мектептин курулушу башталса анын 30 гана бүткөн.

                                     СНХ.Т.КОНУШБАЕВ

Быйыл кыргыз Парламенти өзүнүн 80 жылдык мааракесин белгилейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.Аталган мааракени белгилөө үчүн бюджеттен кошумча акча каражаты талап кылынбайт. Мааракенин алкагында илимий конференциялар гана өткөрүлөт.

Улуу жазуучубуз  Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин алкагында эл өкүлү Наталья Никитенко Бишкек шаарындагы “Биздин үн” деген аталыштагы балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жазуучунун 8 томдук китебин белеке тапшырды. Эл өкүлү жаштарга Жамиля повестин үч тилде окуп берип, аларды тил үйрөнүүгө чакырды.

                                    СНХ.Н.НИКИТЕНКО

Коомчулукту түзүү - өткөндөн сабак алып, өз ара ишенимди бекемдөө менен жалпы иденттиктүүлүктү жана институттарды өнүктүрүү аркылуу ишке ашкан узак процесстин жыйынтыгы. Бул тууралуу Европа кызматташтык жана коопсуздук уюмунун Парламенттер аралык ассамблеясынын отурумунда эл өкүлү Иса Өмүркулов билдирди. Кыргыз республикасы ишенимди бекемдөө жана талаш  - тартышсыз, коңшулук мамилелерди чындоого кызыкдар экенин белгиледи.

                              АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 8-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурларда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй, Талас: 10...15, Баткен, Ош, Жалал-Абад: 13...18, Ысык-Көл, Нарын:11...16 градус жылуу болот. Ал эми бийик тоолуу райондордо 0...-5 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 8 - октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын темперасы 10…12 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 87

Окшош жаңылыктар