ЖАҢЫЛЫКТАР 09.10.18.

09-10-2018 09:01

Бүгүн, 9 – октябрда Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет «Кыргыз Республикасынын 2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралуу» мыйзам долбоорун карайт. «2018/2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндөгү суроо дагы орчундуу темалардын бири. Комитеттин кароосунда энергетика тармагына тиешелүү маселе дагы бар. Бардык суроолорго жооп берүүчү милдет бул ирет КР Биринчи вице – премьер – министри Кубатбек Бороновго тагылган.    

1992-жылдан бери Кыргызстан сырттан 10млдр. долларга чукул насыя - грант алган.  Алынган каражаттардын  25%ы жол тармагына, энергетикага - 21%,  бюджетти колдоого 27%, ал эми айыл чарбасына 6% бөлүнгөн. Бир аз бөлүгү гана социалдык секторго жумшалган. Алардын 72%ы насыя, 22% грант болуп саналат.  Негизги кредиторлор Кытай, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Россия. Талкууда депутат Марлен Маматалиев кээ бир тармактарга берилген грант-кредиттер 10 - 20 жылдап өздөштүрүлбөй жаткандыгын сынга алды.

                             СНХ.М.МАМАТАЛИЕВ

Келген насыялар 5-10 миллиондоп пайдасыз ишканаларга берилгенин жана бүгүнкү күндө ал ишканалардын дайыны жок экенин айткан депутат Зиядин Жамалдинов болду.

                            СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Депутат Экмат Байпакбаев, - “Чолпон – Ата шаарында туруктуу жашаган 50 миң адамга эсептелген суу тазалоочу жай болгону менен, жайкы эс алуу убагында 500 миңге жакын, ал эми Туризм департаментинин тастыктоосу боюнча 1,5 млн. ашык туристтер келип жатпайбы? Анда суулардын сапаты, алардын кайра иштетилиши кандай? – деген суроо жаралат”, - дейт.

                           СНХ.Э.БАЙПАКБАЕВ

Көл аймагында саркынды сууларды тазалоо багытында атайын схемалык чиймелер даярдалган. Бул тууралуу КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдирди. Ошондой эле ал суунун баркын баалай билүүгө чакырды.

                          СНХ.А.ТОКТОШЕВ

Окумуштуу, академик Эмиль Шүкүровдун айтымында, көлдүн биосфералык аймагын бир гана желим баштыкчалар менен  желим бөтөлкөлөр эле булгап жаткан жок. “Азыр эл кеңири колдонуп жаткан кир жуучу күкүмчөлөрдүн да сууларга кошулуп, зыянын тийгилип жаткандыгы өкүнүчтүү”, - дейт илим тармагынын өкүлү.

                          СНХ.Э.ШҮКҮРОВ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 9-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы Чүй: 9...14, Талас: 8...13, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 12...17, Ысык-Көл, Нарын: 11...16, бийик тоолуу райондордо 1...6 градус жылуу болот. Бишкек шаарында түштөн кийин жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы 11…13 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 72

Окшош жаңылыктар