ЖАҢЫЛЫКТАР 05.10.18.

05-10-2018 08:27

Бүгүн, 5-октябрда “Борбор Азия жана анын тышындагы аймактардын коопсуздук чөйрөсүндөгү диалогун колдоо” темасында конференция өтөт. Анын алкагында “Коопсуздук бирикмелерин түзүүгө жарандарды тартуу ишин кеңейтүү” аталышындагы сессия болот. Андан тышкары, иш-чаранын меймандары кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсүнө да күбө болушат. Эске салсак, 3-октябрдан бери Бишкек шаарында өтүп жаткан ЕККУ ПАнын күзгү отурумуна Европанын, Азиянын жана Түндүк Американын 46 өлкөсүнөн келген 150дөн ашуун парламентчилери катышууда.

Кечээ, 4- октябрда жаӊыдан өкмөт мүчөлүгүнө дайындалган КР Ɵкмѳтүнүн Аппарат жетекчиси – министри Шамилбек Асымбеков, Юстиция министри Марат Жаманкулов, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасы Эмил Осмонбетов Жогорку Кеӊеште ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Аземге КР Президенти Сооронбай Жээнбеков катышып, ант берүүнүн маанисин терең түшүнүп, жоопкерчиликти сезе билүүгө чакырды.

                          СНХ.С.ЖЭЭНБЕКОВ

Төрага Дастанбек Жумабеков да жаӊы өкмөт мүчөлөрүн салтанаттуу ант берүү аземи менен жалпы депутаттардын атынан куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.

                         СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

Өкмөттүн региондордогу жети ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен райондордогу 44 акимди, ага кошуп алардын бүтүндөй аппаратын кармап туруунун учурда кандай зарылчылыгы бар? - деген депутат Алтынбек Сулайманов, - “Алар өлкөнү өргө сүрөй алдыбы?” , - деген суроону парламенттин кечээки жыйынында кабыргасынан койду.

                        СНХ.А.СУЛАЙМАНОВ

Илбирсттердин тамагына айланган жаныбарларды да коргоо зарылчылыгы бар. Эгер бул жагына маани берилбесе, өз алдынча мергенчилик кылгандар тоо – текелерин, маралдарды, камандарды атып, өз кызыкчылыктарына пайдаланып жатышат. Каражат түшөт, - деп эле алардын кырылуусуна алып келгенибиз туура эмес, - деген депутат Экмат Байпакбаев, - «валюталык мергенчиликке» чектөөлөр коюлуп, аларды атууга кеминде 10 жылдык мораторий киргизилиши зарыл, - деп билдирди. Бул багытта даярдалып жаткан мыйзам долбоорунун маанисин түшүндүргөн эл өкүлү, - “Кыргызстан менен Тажикстанда гана чет элдик мергенчилерге уруксаат берүү оңой – олтоң иш болуп жатат”, - деп сынга алды.

                        СНХ.Э.БАЙПАКБАЕВ

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 5 – октябрда өлкө аймагында жаан – чачын күтүлбөйт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:23...28, Талас:22...27, Ош, Жалал – Абад, Баткен:24...29, Ысык – Көл, Нарын:19...24 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 5 – октябрда күн ачык болот. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 25...27 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 25

Окшош жаңылыктар