ЖАҢЫЛЫКТАР 03.10.18.

03-10-2018 09:00

Миграция кызматынын маалыматына ылайык, Түркия мамлекетинде 14 миңге жакын кыргыз жараны эмгектенет. Алар Түркия мамлекетинин мыйзамдарынын алкагында  20-25 жылдык стаж менен пенсия чыга алышат. Ошондой эле алар өз мекенине кайткан мезгилде Түркия мамлекетинде аларга чегерилген пенсиянын өлчөмү  Кыргызстанга которулуп берилет. Бул тууралууу социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев Жогрку Кеңештин Эл аралык иштер коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда билдирди.

                                      СНХ.М.ИРСАЛИЕВ

Өмүр бизден өтүп кетсе эл эмгектен эскерсин.Азаптын азуусуна салып кеткен тагдыр болот экен. Көтөрбөскө арга жок. Бул белгилүү, чыгаан журналист, азаттык радиосунун парламенттик кабарчысы Улан Эгизбаевдин абалына тиешелүү. Ошентсе, да анын экинчи өмүрү уланууда. Дегенибиз, ага каза болгондон кийин “Эрдик” медалы ыйгарылды. Аны өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков маркумдун ата-энесине тапшырды.

Чек ара көйгөйлөрү чечилиши керек. Алыскы Баткен облусунун Кадам-Жай районундагы 13 айылга чек ара макамы берилбей, айыл тургундары кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 186-токтомуна ылайык,  өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмеси бекитилип, ал тизмеге жалпысынан 59 айыл жана 10 участок кирген. Бул тууралуу эл өкүлү Закир Шарапов “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди.

                                       СНХ. З.ШАРАПОВ

Токой чарбалардын чектеринде жашаган адамдардын пенсиясы 1700 сомду гана түзүүдө. Бул акча каражаты эч нерсеге жетпейт. Токой чарба чектеринде жашаган адамдар жер салыгын жана милдеттүү камсыздандырууну төлөбөгөндүгүнө байланыштуу пенсия аз чыгат. Өкмөт аталган маселени карап чыгуусу зарыл,- деп билдирди “Парламент” радиосуна Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров.

                                       СНХ.М.БАКИРОВ

Быйыл 2262 мектеп ишке кирип, анда 1 млн 223 миң бала билим алууда. Ош облусундагы Папан айылындагы Султан Ибраимов атындагы орто мектептин курулушу 5 жылдан бери бүтпөй, окуучулар менчик үйлөрдө билим алууга аргасыз. Бул тууралуу депутат Нурбек Алимбеков Транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отурумунда маселе көтөрдү.

                                     СНХ. Н.АЛИМБЕКОВ

                                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 3 – октябрда өлкө аймагында күн ачык болот. Ысык Көл облусунун айрым аймактарында гана жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасында 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: 22...27, Баткен, Ош, Жалал – Абад: 23...28,  Ысык Көл, Нарын:17... 22 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 3 - октябрда 25... 27 градуска чейин жылыйт

Көрүүлөрдүн саны : 25

Окшош жаңылыктар