ЖАҢЫЛЫКТАР 04.10.18.

04-10-2018 08:47

Бул күндөрү Бишкек шаарында ЕККУ ПАнын күзгү жыйыны өтүп жатат.  Анын алкагында бүгүн, 4-октябрда “Дамас” мейманканасында “Борбор Азия жана анын тышындагы аймактардын коопсуздук чөйрөсүндөгү диалогун колдоо” темасында парламенттик конференция болот. Анда “Ишенимди бекемдөө жана аймактык кызматташтык аркылуу чек ара аймактарындагы жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү”, “Жер ортолук деңиз форуму: Борбор Азия жана Жер ортолук деңиздеги геосаясат: миграция, соода жана айлана-чөйрө маселелерин чечүү” аталышындагы  эки сессиялык отурум өтмөкчү. Иш чарага Европа, Азия жана Түндүк Американын  57 мамлекетинен 300дөн ашуун парламент өкүлдөрү катышууда.  

Ар кандай маселелер” сааты парламенттин бүгүнкү, 4 - октябрдагы жыйынынын башталгыч маселеси. Ошондой эле бул күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүнүн ант берүүсү да саат 10:00гө белгиленүүдө. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору биринчи окууда талкууланат.  

Жогорку Кеңеш кечээки жыйынында балдардын укуктарын коргоо жаатында аткарылып жаткан иштерди угуп, өкмөттүк саатта бир топ суроолоруна жооп алды. Талкууда депутат Бакирдин Субанбеков чет элдик жарандар тарабынан асыроого алынып жаткан балдардын тагдырына канчалык деңгээлде көзөмөлдүк жүргүзүлөөрүнө кызыкты.

                 СНХ.Б.СУБАНБЕКОВ  

Балдардын саламаттыгын коргоо багытында кандай иштер аткарылып жаткандыгын тактаган депутат Таабалды Тиллаев гемодиализ алууга аргасыз болгон жаш муундардын региондордогу абалына кайрылды.

                СНХ.Т.ТИЛЛАЕВ

Мектептерде иштеп жаткан медициналык кабинеттердин орду үмүттү актап жатабы? Алардын жабдылышы кандай? Бул суроолор депутат Аида Исмаилова тарабынан көтөрүлдү.

                СНХ.А.ИСМАИЛОВА

Билим сапаты жогору болсо экен, ыйман, адеби кынтыксыз болсо экен, - деп балдардын келечегине көрүлгөн камкордук жакшы. Бирок, диний медреселердин ишмердүүлүгүнө канчалык көзөмөлдүк жүргүзүлөөрүнө кызыккан депутаттар болду. Алардын бири Алмазбек Эргешов..

               СНХА.ЭРГЕШОВ

         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 4-октябрда өлкө аймагында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: 23...28, Ош, Жалал - Абад, Баткен: 24...29, Ысык – Көл, Нарын: 20...25 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 4 – октябрда жаан – чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге жетет. Абанын температурасы   25...27  градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 29

Окшош жаңылыктар