ЖАҢЫЛЫКТАР 02.10.18.

02-10-2018 09:06

Эртең, 3 – октябрда Бишкек шаарында “Ала-Арча” резиденциясында өтө турган ЕККУ ПАнын күзгү жыйынынын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Парламенттик ассамблеянын Төрагасы Георгий Церетели катышат. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) бул жолку күзгү жыйынына Европа, Азия жана Түндүк Американын  57 мамлекетинен 300дөн ашуун парламент өкүлдөрү чакырылган.

Бүгүн, 2 – октябрда Отун – энергетика комплекси жана жер казыналарын пайдалануу боюнча комитет «Кыргыз Республикасынын 2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралуу» мыйзам долбоорун карайт.  Ошондой эле  2018/2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндөгү маселе да тармактык комитеттин талкуусуна коюлат.

Кыргызстандын айыл чарбасы менен жеңил өнөр жайы даярдаган өнүмдөр негизинен экспортко багытталган. Бул тууралуу маселе КСДП фракциясынын олтурумунда каралганда, фракция лидери Иса Өмүркулов «Ички рынокту коӊшу өлкөлөрдөн келген  товарлар ээлеп жаткандыгы ири ишкерлердин четке кетип калышын шартоодо», - деп билдирди. 

                               СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

«Кадр саясатында калыстыкты орнотпосо, кимдир бирөөлөр жетелеп келген жек-жааттарды кызматка алуу менен иш илгерилебей жатат. Муну баарылап токтотолу”, - дейт депутат Ирина Карамушкина.

                               СНХ.И.КАРАМУШКИНА

Депутат Рыскелди Момбеков алдыңкы 5 жылдын ичинде ИДП көрсөткүчү боюнча алдыңкы 50 мамлекеттин арасында болууга умтулган пландоого ынана бербегендигин айтып, айрым мисалдарды келтирди.

                               СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Алтындын концентрант түрүндө сыртка ташылып кетип жаткандыгына тынчсыздануусун ачыктаган депутат Кожобек Рыспаев болду. Ал бул багыттагы пикирин ортого салып, концентрантты 2020 – жылга чейин бул жерде иштетүүгө жетишишибиз керек деген өтүнүчүн Өкмөттүн дарегине жолдоду.

                                СНХ.К.РЫСПАЕВ

                          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 2-октябрда Ысык – Көл областынын айрым райондорун жана бийик тоолуу райондорду эске албаганда дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: 20...25, Ош, Жалал – Абад, Баткен: 22...27, Ысык – Көл, Нарын: 17...22 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 2 – октябрда жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге жетет. Абанын температурасы   23...25  градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 73

Окшош жаңылыктар