ЖАҢЫЛЫКТАР 01.10.18.

01-10-2018 08:52

Бүгүн, 1 – октябрда Бюджет жана каржы комитет “Кыргыз Республикасынын 2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоорун карайт. Социалдык фонддун 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы да комитетттин талкуусуна коюлмакчы.  

КСДП фракциясы Өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү багытында Өкмөттүн аткарган иши, Бизнести жүргүзүү (Doing Business) жана Глобалдык атаандаштыкка туруштук берүү индекси (The Global Competitiveness Index) рейтингдериндеги Кыргызстандын көрсөткүчтөрү н карады.Фракция лидери Иса Өмүркулов бир гана айыл чарбасы менен жеңил өнөр жайын карап отура бербей, тамак-аш  тармактарын да экспортко  багыттоо зарылдыгын билдирди.  

“Биздеги мобилдик интернетти колдонуу коңшуларга салыштырмалуу 6 эсеге кымбат”,- дейт депутат Алмазбек Эргешов уюлдук телефоногу кызмат акыларына баам салып. Эл өкүлүнүн айтымында, мобилдик операторлор ортосундагы чалуулар да коңшу мамлекеттер менен салыштырганда бир топ жогору. Ошондуктан, бул ойлоно турган маселе, - деди эл өкүлү.

                                 СНХ.А.ЭРГЕШОВ

Баткен облусунун Кадамжай районудагы 15тей айылдын чек ара макамын ала албай келе жатканын айткан депутат Закир Шарапов бул маселени Өкмөттөн тезинен чечип берүүнү өтүндү.

                                 СНХ.З.ШАРАПОВ

Камаз – камаздап ташылып жаткан дары чөптөрдүн басымдуу бөлүгү Тоң районундагы жайлоолорго таандык. Бул абалга кайрылган депутат Экмат Байбакбаев ушундай дары чөптөрдү өзүбүздөн деле иштетсек болбойбу деген маселени койду. 

                               СНХ.Э.БАЙПАКБАЕВ

Депутат Эмил Токтошев жөлөкпул жөнүндө мыйзам жер-жерлерде так аткарылбай жатканын маалымдажы.

                             СНХ. Э.ТОКТОШЕВ  

                          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 1-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй:22...27, Талас: 20...25, Баткен, Ош, Жалал-Абад:24...29, Ысык-Көл:17...22, Нарын:16...21, бийик тоолуу райондордо 4...9 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 1 – октябрда жамгыр жаабайт. Абанын температурасы 25…27 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 32

Окшош жаңылыктар