ЖАҢЫЛЫКТАР 28.09.18.

28-09-2018 08:29

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет менен Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет биргеликте  ушул жылдын 12 – октябрында “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы тууралуу парламенттик угуу өткөрөт.

Орто – Токой, Киров суу сактагычтарын канчалык деңгээлде максаттуу пайдаланып жатабыз? Чогултулган суулардын рационалдуу колдонулушу кимге кызык? Бул суроолордун жандырмагын талап кылган депутат Кенжебек Бокоев парламенттин кечээки жыйынында олуттуу маселе койду.

                                   СНХ. К.БОКОЕВ

Ысык – Көл областынын бир катар айылдарын кыдырып, эл менен жолугушкан депутат Аида Исмаилова электр энергиясынын лимиттен ашкан көрсөткүчтөрүнүн акысы эмнеге 2 сом 16 тыйындан кемибейт деген шайлоочулардын суроосуна Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында жооп издеди.

                                 СНХ.А.ИСМАИЛОВА

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын көзү азис бөлүгү көбүн эсе укалоо өнөрүн үйрөнүп, Кыргыз медициналык академиясындагы массаждоо курсун аяктап, өз алдынча иштеп кетүүгө сонун мүмкүнчүлүк алып жатышкан. Эми алардын бул мүмкүнчүлүктөн кол жууп калуу коркунучу кооптондурууда, - дейт депутат Дастан Бекешев.

                                СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Турак – жайларды камсыздандыруу маселеси көтөрүлгөнү айыл жергесиндегилерге каралган өлчөм 600 сомду, шаардагыларга 1200 сомду түзсө, эми аларга кошумча айылдагыларга 12, шаардагыларга дагы 24 сом кошумчаланып жатканы кандай? Бул абалдын айныгыс мисалдары менен тааныштырган депутат Зиядин Жамалдинов болду.

                                СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Европадагы автобустар электр кубаты менен жүрөт. “Бул экологиянын тазалыгын камсыздаса, ошол эле убакта жүргүнчүлөргө бензиндин жыт – жыбыры жок ыңгайлуу”,- дейт депутат Марлен Маматалиев.Ошондой эле ал троллейбустардын чет жердеги кыймылдары тууралуу да жакшы маалыматтар менен бөлүштү.

                                СНХ.М.МАМАТАЛИЕВ

                              АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 28-сентябрда Ысык-Көл облусунда жана Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй, Талас: 20...25, Баткен, Ош, Жалал-Абад: 22...27, Ысык-Көл  15...20, Нарын: 16...21, бийик тоолуу райондордо 3...8 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн,  28 - сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 22…24 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 105

Окшош жаңылыктар