“Ысык-Көл” биосфера аймагында суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт

11-10-2018 09:19

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети менен Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети 2018-жылдын  12-октябрында  “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө” мыйзамдарынын аткарылышы тууралуу, ошондой эле “Ысык-Көл” биосфера аймагында суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча ПАРЛАМЕНТТИК УГУУ өткөрөт.

Убактысы жана орду: 12-октябрь, 2018-жыл, 11-00, Жогорку Кеңештин жыйындар залы

“Ысык-Көл” биосфера аймагында суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндө” мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында жашыл экономикага өтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коомдук кеңешинин ишинин алкагында иштелип чыккан ("Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" концепциясын бекитүү жана жашыл экономика принциптерин Кыргыз Республикасына киргизүү боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин2018-жылдын 28-июнундагы № 2532-VI токтому), жана 13.09.2018-жылы Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга жайгаштырылган.

(Мыйзам долбоорго шилтеме: http://kenesh.kg/ky/article/show/4203/na-obshtestvennoe-obsuzhdenie-s-13-sentyabrya-2018-goda-vinositsya-proekti-zakonov-kirgizskoy-respubliki-o-vodootvedenii-i-ochistnih-sooruzheniyah-biosfernoy-territorii-isik-kely)

Байланыш телефондор: 0312 638830, электрондук почтанын даректери: arsena76@mail.ru, fs_ma@mail.ru

Көрүүлөрдүн саны : 8403

Окшош жаңылыктар