ЖАҢЫЛЫКТАР 20.09.18

20-09-2018 08:24

Кечээ, 19-сентябрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегациянын Азербайжан Республикасындагы иш сапары башталды. Бул ирет алар Азербайжан Республикасынын Улуттук Мажлисинин 100 жылдыгына карата уюштурулган иш-чараларга катышат. Ошондой эле Улуттук Мажлистин төрагасы Октай Асадов менен жолугушуп, Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин бейитине гүлчамбарларды коюшат. Андан тышкары, ТүркПАнын катчылыгынын иши тааныштырылат. Делегациянын курамында депутаттар Талант Мамытов, Тазабек Икрамов бар.  

Парламент бүгүн, 20 – сентябрдагы жыйынын “Ар кандай маселелер” сааты менен баштайт. Ошондой эле  “Мамлекеттик алым жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. Ушундай эле окуунун режиминде “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодексине” сунушталып жаткан өзгөртүүлөр да бар. Арак өндүрүүнүн легалдуу көлөмүн көбөйтүүгө багытталган «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөгү» мыйзамдын өзгөртүүлөрү да каралат. Буга чейин суроо тармактык комитетте каралып, четке кагылган болчу.

                          СНХ.А.НАЗАРОВ

“Мамлекеттик программаларды, стратегияларды Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашуруу боюнча мониторингде парламенттин ордун” талкуулаган Шри – Ланканын Коломбо шаарында өтүп жаткан Мониторинг жана баалоо боюнча парламентарийлердин эл аралык форумуна депутаттар Мирлан Бакиров, Аида Касымалиева, Альфия Самигуллина жана Наталья Никитенко катышууда. Эске сала кетсек, аталган форум 2017-жылы Кыргызстанда болуп өткөн эле.

Акыркы 3 жылда Кыргызстандын экономикалык дарамети кескин түшүп кеткендигин айткан депутат Каныбек Иманалиев союздун маалында азыркыга караганда кыйла жакшы болчу, - дейт.

                        СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Кен байлыктар инвесторго берилгенден кийин ошол бөлүнгөн жер жеке жарандардын менчиги болуп калган учурлар да жолугат. Ошондо талаш – тартышты пайда кылбас үчүн, бөлүнүп жаткан аянттын кимге таандыгын алдын ала тактоо керек, - дейт депутат Махабат Мавлянова парламенттин кечээки жыйынында.

                        СНХ.М.МАВЛЯНОВА

Миграцияда жүргөн мекендештерибиздин 80%ы Баткен областынан кеткен жарандар. Буга аталган региондогу жумушсуздук маселесинин курч тургандыгы себеп. Өндүрүштүн аксап жаткандыгы да буга кошул – ташыл, -дейт депутат Карамат Орозова “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                       СНХ.К.ОРОЗОВА  

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 20 – сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.  Абанын температурасы Чүй:  23...28; Талас:  22...27; Ысык-Көл, Нарын: 20...25; бийик тоолуу райондордо 3...8 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад:  26...31; Баткен:  27...32 градуска чейин ысыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 20 – сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 26...28 градус жылыйт.

Көрүүлөрдүн саны : 113

Окшош жаңылыктар