ЖАҢЫЛЫКТАР 18.09.18.

18-09-2018 08:16

Бүгүн, 18-сентябрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчетун эске алуу менен «Кыргыз Республикасынын 2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралуу» мыйзамдын долбоорун талкуулайт.

Бюджет жана финансы боюнча комитет Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору) ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Ага ылайык, жылуулук менен жабдуунун натыйжалуулугун жана сапатын жакшыртуу иштери аткарылат. Ага – 46 млн долларлык каражат каралган.

Бүгүнкү күндө чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жазасын өтөгөндөн кийин, эгерде алардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздери болбосо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүүгө мүмкүндүк берүүчү ченем колдонуудагы «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын редакциясында жок. Ошондуктан, «Тышкы миграция жөнүндөгү» мыйзамдын өзгөртүүлөрү аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен соттолгондорду Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү боюнча жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин, миграция, улуттук коопсуздук, ички иштер, чек ара кызматынын органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин аныктоо сунушталууда.

                           СНХ.К.АСАНОВ

2017 – жылдын эсеби боюнча Казакстанда 35 000ден ашуун, Түркияда 30 000, АКШда болжол менен – 10 000, Италияда  - 5500, Корея менен Германияда – 5000, БАЭде – 3000, Улуу Британияда  - 2000 кыргыз жарандары иштеп жаткандыгын мамлекеттик миграция кызматы билдирет. Ушул көрсөткүчтөрдү эске алганда миграциядагы мекендештерибиздин басымдуу бөлүгү Евразиялык экономикалык союзга мүчө мамлекеттердин аймактарында иштешет. Бул тууралуу Социалдык комитеттин жыйынында маселе көтөрүлгөндө депутат Алмазбек Токторов буларга токтолду:

                           СНХ.А.ТОКТОРОВ

Жалпы республика боюнча 1248 мамлекеттик жана муниципиалдык, андан тышкары 142 жеке менчик бала бакча иштейт. 2018 –жылдагы мындай мектепке чейинки билим берүү көрсөткүчү өткөн 2017 – жылдагыга салыштырганда 1,9 %га көбөйгөн.  Бул тууралуу  кечээ, 17-сентябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин жыйынында айтылды. Анткени, тармактык комитет республикадагы билим берүү уюмдарынын жаңы 2018-2019-окуу жылына карата даярдыгынын абалы боюнча маалыматты угуп, жактырды.

Мектептердин алдында да атайын  мектепке чейинки билим  берүү уюмдарынын 100ү алыскы райондордо ачылып, 7358 баланы тарбиялаган. Үч сааттан иштеген 120 балдар бакчалары да уюштурулуп, 10 000дей балага таалим берген. Бакчага баруучу балдардын электрондук кезекке туруу тартиби да жолго коюлуп, бардык иш ачык – айкын жүргүзүлө баштады. Ошентсе да түшүнбөстүктөр жок эмес, - дейт тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова.

                          СНХ.Г.МОЛДОБЕКОВА

Баткен областынын аймагына караштуу болгондугуна карабастан, Кызыл – Кыя цемент заводунун тапкан кирешеси талашка түшүүдө. Тактай келгенде, завод Ноокат району менен чектеш тургандыктан Ош областы да өз үлүшүн алууну көздөгөндүктөн, талаштуу жагдай жаралды. Бул багытка депутат Карамат Орозова кайрылды.

                         СНХ.К.ОРОЗОВА

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 18 – сентябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:24...29, Талас: 22...27, Ысык-Көл:19...24, Нарын: 20...25 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад: 26...31, Баткен: 27...32 градус ысык болот. Бишкек шаарында бүгүн, 18 – сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 27...29  градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 50

Окшош жаңылыктар