Атайын депутаттык комиссия “Манас” Эл аралык аэропортунда көчмө жыйын өткөрдү

14-09-2018 18:35

14-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети тарабынан түзүлгөн атайын комиссия “Манас” Эл аралык аэропортуна  көчмө жыйын менен барып, "Компания Манас Менеджмент" Жабык акционердик коомунун иши менен таанышты (“КММ” ЖАК).

Көчмө жыйынга комиссия мүчөлөрү депутат Гүлшат Асылбаева, Дастан Бекешев, Искандер Гайпкулов жана Пархат Тулендыбаев катышты.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар “Манас” өткөрмө пунктунун “КММ” ЖАКтын чек аралык каттоо жайы, чек ара көзөмөл кызматы жана келген жүктөрдү убактылуу кармоочу кампанын иши менен жакындан таанышты.

Андан соң депутаттар “Манас-2” аэробекетине барып, жүргүнчүлөр чек ара көзөмөлүнөн кандай тартипте өтөрүнө, ички жана сырткы каттамдарда  жүргүнчүлөрдүн жүгүн чек ара кызматы кантип текшерерине жана жолоочулар үчүн кандай шарттар түзүлгөнүнө күбө болушту. Жыйындын соңунда эл өкүлдөрү салык алынбаган (Duty free) товарлар дүкөнүнүн ишинен кабар алышты.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1251

Окшош жаңылыктар