ТүркПАнын тармактык комиссиясында түрк тилдүү өлкөлөрдүн кино жана анимацияларын жайылтуу маселесин мыйзамдаштыруу сунушталды

14-09-2018 17:28

Бүгүн, 14-сентябрда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын 6-отуруму өттү.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы Садык Шер-Нияз Комиссиянын 6-отурумун ачты.

ТүркПАнын тармактык комиссиясынын 6-отурумунда “Кино менен анимация түрк тилдүү өлкөлөрдө түрк маданий мурастарынын бөлүгү катары (көргөзүү, жайылтуу аспектилери)” деген темада талкуу жүрдү.

Жыйындын күн тартибине коюлган маселе боюнча комиссия төрагасынын орун басары, Азербайжан парламентинин депутаты Севинч Хусейнова баяндама жасады. Ал түрк тилдүү өлкөлөрдүн кино менен анимациялары көргөзүү, жайылтуу маселелери мыйзамдык актыларга негизделиши керектигин билдирди. Түрк тилдүү өлкөлөрдө бул чөйрөнү өнүктүрүү мамлекеттердин колдоосуна муктаж экенин айткан Севинч Хусейнова кесиптештерин биргилешип, натыйжалуу аракеттерди көрүүгө чакырды.

Талкууда комиссия мүчөсү, Түркия парламентинин депутаты Мустафа Жанбей элдердин ортосундагы карым-катнаштын негизги элементи кино менен анимация экендигине токтолду. “Түрк тилдүү өлкөлөрдүн бул тармагын өнүктүрүүгө багытталган бүгүнкү жыйын мыкты саамалык. Бул маселеге олуттуу мамиле жасашыбыз зарыл”,- дейт Түркия парламентинин депутаты.

Ал эми Казакстан парламентинин депутаты Динар Нукетаева түрк тилдүү өлкөлөрдүн режиссерлорунун, сценаристтеринин, аниматорлорунун катышуусунда болуп өткөн бүгүнкү семинарда мыкты-мыкты сунуштар болгонун ортого салды. Ал түрк тилдүү мамлекеттердин режиссерлорунун эмгектери киргизилген эл аралык интернет порталын түзүү, кино жана анимация тармагына колдоо көрсөтүү боюнча фонд түзүү жана ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдө кино жана анимация жаатында фестивал уюштуруп туруу маселелери көтөрүлгөнүн айтып, кино ишмерлеринин мындай алгылыктуу сунуштарына мыйзамдык жактан колдоо көрсөтүү зарыл деген пикири менен бөлүштү.

Жыйынга катышып отурган Түркиянын кино ишмерлери Түркияда мыйзамдык жактан колдоо көрсөтүүдөн улам атамекендик кинолордун, мультфильмдердин саны абдан көбөйгөндүгүн маалымдады. Башка кино ишмерлери анимация жаатында аксоолор болуп жатканын айтып, бул маселеге мыйзам чыгаруу органдарынын көмөктөшүүсү керек дешет. “Маданияттын түркүгү тил. Биз тектеш тилдүү элдерденбиз” деген комиссия төрагасы Садык Шер-Нияз түрк тилдүү өлкөлөрдүн кино жана анимацияларын жайылтуу маселесин мыйзамдаштырууну сунуш кылды.

Жыйынтыгында айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен “Кино жана анимация түрк тилдүү өлкөлөрдө түрк маданий мурастарынын бөлүгү катары (көргөзүү, жайылтуу аспектилери)” деген темадагы баяндама жана бул маселе боюнча сунуштамалар жактырылып, ТүркПАнын пленардык жыйынына сунуштоо чечими кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1278

Окшош жаңылыктар