“Ата Мекен” парламенттик фракциясынын жыйынында Мамлекеттик тарых музейине байланышкан маселелер талкууланды

14-09-2018 17:16

Бүгүн, 14-сентябрда “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоодогу мыйзамсыз жагдайлар жана Белиз мамлекетинен алынган “Мегаком” компаниясы боюнча трасттык документтерге байланышкан кырдаал талкууланып, тиешелүү мамлекеттик мекемелердин маалыматы угулду.

Алгач эл өкүлдөрү тарабынан Мамлекеттик тарых музейинин сыртынан сыйрылган гранит менен мрамор таштардын жоголгону боюнча маселе көтөрүлүп, КР Башкы прокурорунун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев аталган жагдай боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Белгилүү болгондой, аталган тарыхый жайдан жалпы 14 027 чарчы метр гранит сыйрылып алынып, анын 4 миң чарчы метри музейдин сыртынан чыгарылган. Депутаттар аталган маселе коомчулукту дүрбөлөңгө салып жатканын айтып, маселе тез арада тыкыр иликтениши керектигине токтолушту. Кошумчалай кетсек, мындан мурда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы музейде көчмө жыйын уюштуруп,  аны оңдоого мамлекеттен бөлүнгөн каражат сарамжалсыз пайдаланылганын айтып чыккан.

Жыйын жүрүшүндө Белиз мамлекетинен алынган “Мегаком” компаниясы боюнча трасттык документтерге байланышкан кырдаал жөнүндө 2018-жылдын 27-апрелиндеги “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын чечиминин аткарылышы тууралуу да маселе каралып, тиешелүү укук коргоо органдары маалымат берди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мүсүралиев УКМКга тиешелүү бардык ыкчам башкармалыктар менен катчылыктардын маалыматына ылайык, 2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө "Мегакомго" таандык акциялар боюнча трасстык документтер Белизден УКМКга келип түшпөгөнү жана ал мекемеде расмий катталбаганы аныкталганын маалымдады.

Мындан сырткары, фракция жыйынында мурдагы Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси Максим Бакиевдин финансылык консультанты Евгений Гурьевичтин Кыргыз Республикасынан бакиевдердин үй-бүлөсү тарабынан мыйзамсыз чыгарылып кеткен финансылык активдер жөнүндөгү билдирүүсү тууралуу да маселе көтөрүлүп, тиешелүү мекемелерге тыкыр иликтөө тапшырмасы берилди.  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 911

Окшош жаңылыктар