Бишкекте ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын жыйыны өтүүдө

14-09-2018 11:36

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТҮРКПА) Айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын IV жыйыны өтүүдө.

Иш-чарага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламенттик делегациялары катышууда.

Жыйында генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдерден (ГМО) алынган азыктардын жайылышынын кесепеттери талкууланды. Белгилей кетсек, генетикалык жактан бурмаланган азыктарды колдонгон өлкөлөрдүн саны жылдан-жылга көбөйгөндүктөн, андай азык-түлүктөрдүн көлөмү да арбып барат. Бул адамдардын ден-соолугуна терс таасир берүүдө.

Комиссиянын жыйынын ачылышында сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Абылкайыр Узакбаев аталган Парламенттик ассамблея боордош элдердин саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө болорун белгиледи. Ошондой эле комиссиясынын IV жыйынында көтөрүлгөн маселелер дүйнө жүзүндө, анын ичинен түрк тилүү өлкөлөр үчүн өтө актуалдуу экенин айткан депутат, генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдердин колдонулушун мыйзамдуу көзөмөлдөө керектигин кошумчалады.

“Биргелешип аракеттенип, тажрыйба алмашуу аркылуу аталган көйгөйдү чече алабыз”, – деген Абылкайыр Узакбаев, комиссиянын ишине ийгиликтерди каалады.    

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 1900

Окшош жаңылыктар