ЖАҢЫЛЫКТАР 14.09.18.

14-09-2018 09:05

Бүгүн, 14-сентябрда КСДП фракциясы өз олтурумунда Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) кызмат ордуна сунушталып жаткан талапкерлердин программасын угат. Ал эми “Республика – Ата - Журт” фракциясы болсо Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелердин жаңы 2018-2019 окуу жылына карата даярдыгы жана билим берүү тармагын өнүктүрүү маселесин карайт. Жыйынга КР Вице – премьер – министри Алтынай Өмүрбекова баштаган өкмөт өкүлдөрү катышат.

Ушул эле 14-сентябрь күнү Бишкек шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын 6-жыйыны, Айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстары боюнча комиссиясынын 4-жыйыны өтөт. Аны менен катар Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын 6-жыйынынын алкагында кино жана анимация жаатында кызматташуу боюнча семинар уюштурулат. Ага ТҮРКПАга мүчө-мамлекеттердин Маданият министрликтеринин өкүлдөрү, кино жана анимация тармактарындагы адистер, режиссерлор, катышмакчы, - дейт депутат Садык – Шер – Нияз “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                          СНХ.С.ШЕР – НИЯЗ

Депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш жыйынында жергебиздеги 70 жерде 2 млрд 300 млн тонна көмүрдүн кору бар экендигин айтып, бирок андан алынып жаткан көмүр көлөмү алымсындырбастыгына токтолду.

                          СНХ.М.БАКИРОВ  

Коомчулукта резонанс жараткан чуулгандуу иштердин бетин ачкан журналист Уланбек Эгизбаев санап берген иштердин аягына чыгуу создугуп жаткандыгын депутат Жанарбек Акаев сынга алды. “Аткаруу бийлиги кур дегенде көзгө сайып көрсөтүп берген коррупциялык иштерди аягына чыкпайбы!”,- деген талапты койгон депутаттын айтканы булар болду:

                          СНХ.Ж.АКАЕВ

Ысык-Көлдөгү пансионаттарда куткаруу иштери өз деңгээлинде жолго коюлбагандыктан, быйылкы эс алуу мезгилинде сууга чөгүп каза болгондордун саны 80ден ашкандыгын депутат Марлен Маматалиев айтып, бир топ сунуштарын ортого салды.

                         СНХ.М.МАМАТАЛИЕВ

Анчалык мааниге ээ болбосо деле мамлекеттик деӊгээлде өткөрүлүп жаткан той-аштар ашкере көбөйүп кеткендигине токтолгон депутат Акылбек Жамангулов, - андай иш-чараларга убактылуу мораторий жарыяланса жакшы болор эле, - деп демилге көтөрдү.

                        СНХ.А.ЖАМАНГУЛОВ

Эртең, 15 – сентябрда  Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата жалпы  республикалык ишембилик өткөрүлөт. Бул иш - чаранын алкагында Жогорку Кеңеш депутаттары менен Аппарат кызматерлери да тиешелүү тилкеде тазалоо жумуштарын аткарышат. Мындай жарыя менен Төрага Дастанбек Жумабеков парламенттин кечээки жыйынында тааныштырды.

                       СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 14 - сентябрда Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Абанын температурасы Чүй: 21...26, Талас,Нарын: 19...24, Ош, Жалал-Абад: 23...28, Баткен: 24...29, Ысык-Көл: 18...23 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 14 - сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4 - 9  м/с чейин жетет. Абанын температурасы 22...24 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 25

Окшош жаңылыктар