ТүркПА алкагында маданият жаатындагы моделдик мыйзамдар иштелип чыгып, жүзөгө ашырылат

13-09-2018 11:45

Эртең, 14-сентябрда Бишкек шаарында өтүүчү Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын (ТүркПА) Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын 6-жыйынынын алкагында түрк тилдүү өлкөлөрдүн кинотасмаларынын да күндөрү уюштурулат. Анын ачылышы бүгүн, 13 – сентябрда борборубуздагы “Манас” кинотеатрында старт алат. Ошондой эле анимация жаатындагы кызматташууну арттырууга арналган семинар дагы өтөт. Ага Түркия, Азербайжан, Казакстан өлкөлөрүнүн Маданият министрликтеринин өкүлдөрү, кино жана анимация тармактарындагы адистер, режиссерлор катышат, - дейт депутат Садык – Шер – Нияз бүгүн, 13 – сентябрда “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Депутат ошондой эле ТүркПА алкагында маданият жаатындагы моделдик мыйзамдарды кабыл алып, алардын ишке ашуусун камсыздоо жагына көңүл бурула тургандыгын да кошумчалады.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 370

Окшош жаңылыктар