Мамлекеттик сатып алууларда техникалык мүнөздөмөлөр сөзсүз талап кылынат

13-09-2018 15:35

Депутаттар Марлен Маматалиев менен Абдыбек Дүйшалиев демилгелеп жаткан «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамдын өзгөртүүлөрү  тендерлерди өткөрүүдө талап кылынуучу эки шартты аныктайт. Анда тендерге катышуучу тараптар (компаниялар) кызмат көрсөтүү акыларынын сметасын көрсөтүү менен бирге, аткарылуучу кызматтардын техникалык мүнөздөмөлөрүн дагы так жазып, өзүнчө тапшырууга тийиш, - деп талап кылынууда. Бул тууралуу мыйзам маанисин түшүндүрүп, демилгечи депутаттардын бири Марлен Маматалиев бүгүн, 13 – сентябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Эл өкүлүнүн айтымында, тендерлерди өткөрүүнүн электрондук системасын буйтап өтүү механизмдерин жокко чыгаруу зарыл. Болбосо кайсыл бир компаниялардын тендерден утуп чыгуусуна кызыкдар болгон учурлардын учугу үзүлбөшү мүмкүн. Бул мамлекеттин казынасына зыянын тийгизет, - дейт М.Маматалиев.

2016-жылы сатып алууларды өткөрүү жөнүндө жалпы суммасы 81,7 млрд сом болгон   80 миӊден ашык кулактандыруу жайгаштырылган. 44,1 миӊ конкурс ийгиликтүү өткөрүлдү, алар боюнча 43,5 млрд сом жумшалды, муну мамлекеттик сатып алуулар департаментинин статистикасы да ырастайт. Сатып алуучу уюмдардын өздөрү ар кандай себептер менен 8,7 млрд сомдук 4,5 миӊ тендерди жокко чыгарган. Калган дээрлик 32 миӊ кулактандыруунун (29,5 млрд сомдук) тагдыры  тууралуу аз гана нерсе белгилүү. Бул тендерлердин бир бөлүгү эки негизги себеп боюнча болбой калды деп таанылган: биринчиси – катышуучулардан табыштамалар келип түшпөгөндүгү, экинчиси – берилген сунуштардын билдирилген техникалык мүнөздөмөлөргө туура келбегендиги. Ошондуктан, бул ирет техникалык мүнөздөмөлөр сөзсүз талап кылынат деп сунушталууда, - дейт демилгечи депутат.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 677

Окшош жаңылыктар