“Ар түрдүү маселелер” саатында республикадагы социалдык-экономикалык көйгөйлөр Өкмөткө багытталды

13-09-2018 13:18

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында республика аймагындагы бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөрү көтөрүлдү.

Депутат Гүлшат Асылбаева Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айыл өкмөтүнүн тургундарынын Боз-Бөлтөк тоосунун айланасындагы иштеп жаткан ишканалар боюнча кайрылуусу менен тааныштырды. Эл өкүлүнүн маалыматы боюнча өз маалында айылдык кеңеш ишканалардын курулушуна каршы болушкан. Эми алардын ишмердиги менен экологияга бир топ зыян болууда. Аны менен кошо жергиликтүү бюджетке тиешелүү салыктарын дагы төлөбөйт.

Ош облусунун Араван районунда үй салуу үчүн жер тилкелерин трасформациялоо маселеси чечилбей, 2,5 сотых жерде үчтөн-төрттөн үй-бүлө жашап жатат. Депутат Кубанычбек Нурматов бул трансформация маселесин айтып отуруп чарчаганын баса белгиледи.

Депутат Жылдыз Мусабекова Нарын облусунун Ат-Башы районунда терминал куруу иши жакшы жүрбөй жаткандыгына, жер тилкесин бөлүү баштаган айрым уюштуруу маселелери али чечиле электигине Өкмөттүн көңүлүн бурду. Ошондой эле депутат Ат-Башынын Ак-Жар айылында таза суу маселеси чечилбей жаткандыгын, Чүй облусунун драмалык театрына имарат бөлүү зарылдыгын, “Ак-Ордо-3 жаңы конушундагы трансформаторлорду тиешелүү мекмелер өз балансына албай жаткандыгын тизмектеди.

“КР Өкмөтүнүн Ветеринария тармагын Ветеринария жана фитосанитария инспекциясынын курамынан чыгарып, Айыл чарба министрлигинин астына киргизүү боюнча даярдап жаткан токтому туура эмес. Эл аралык ченемдерге туура келбейт”,- дейт депутат Зиядин Жамалдинов.

Депутат Бакыт Төрөбаев Бишкек-Ош авиакаттамында кооптуу учуулар арбып бара жатканын эскертип, авиапаркты жаңылоо зарылдыгын КР Өкмөтүнө багыттады.

Депутат Айнуру Алтыбаева “Күч биримдиги – рух биримдиги” ураанынын астында өткөрүлгөн 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ийгиликтүү, өз деңгээлинде өткөрүлгөнүн белгилеп, КР Өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди. Жана ошондой эле кыргыз элинин улуттук ат оюндарынын бири - көк-бөрү оюнунун ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарынын тизмесине киргендиги менен куттуктады.

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын туризм тармагынын өнүгүшүнө чоң түрткү берди. 2017-жылы Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети туризм тармагы боюнча өзүнчө мамлекеттик орган түзүү чечимин кабыл алып, бул багытта Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынган. Ал токтом аткарылышы зарыл”,- дейт депутат Абдумажит Юсуров.

Депутат Аалы Карашев бүгүнкү күндө өлкөнүн экономикалык абалына токтолуп, “ -0,3% терс көрсөткүчтөр менен баратабыз. Бул жакшы көрүнүш эмес. Кескин чараларды көрүү керек”,- дейт.

“Сырткы миграцияны токтотуу боюнча аймактарда жумушчу орундарын түзүү жаатында региондордо эч кандай иштер болгон жок”,- дейт депутат Махабат Мавлянова.

Депутат Марат Аманкулов жер алдынан суулардын көтөрүлүшүнө, дренаждык системаларды тазалоого мамлекеттик деңгээлде мамиле жасалбай жатканын сынга алды. “Бүгүн кескин чаралар көрүлбөсө бара-бара , айрыкча, Чүй облусунун түндүк тарабы сазга айланат”,- дейт эл өкүлү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 340

Окшош жаңылыктар