ЖАҢЫЛЫКТАР 13.09.18.

13-09-2018 08:34

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңеш өз жыйынын адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” сааты менен баштайт. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр да үчүнчү окууда каралат. “Кыргыз Республикасынын жер кодексине да кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөр бар.  “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Ломбарддардын иши жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүнүн макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору дагы кароого коюлмакчы.  

Депутаттар арасында колуна калем алып, китеп жазгандары саналуу. Алардын катарында депутат Каныбек Иманалиев да бар. Парламентин кечээки жыйынында Төрага Дастанбек Жумабеков ошол Каныбек Иманалиев тарабынан жазылган "Кыргыздар" аттуу китептин КМШ мамлекеттеринин "Китеп маданияты" сынагында "Шериктештик" номинациясында биринчи орунга ээ болгондугун белгилеп, бул парламенттин аброюн жогорулатууда дагы жакшы жаңылык болгондугун белгиледи.

                         СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

Кыргызстандын жарандарынын Тажикстандын аймагында жана Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагында эки тараптын компетенттүү органдарында 60 календардык күн ичинде каттоосуз жүрүү мүмкүндүгү каралууда. Бул тууралуу ратификациялык мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү. Талкууда депутат Умбеталы Кыдыралиев жергебизде кайсыл мамлекеттин жарандарына 60 күнгө чейин эркин жүрүүгө уруксаат берилерин тактады.

                        СНХ.У.КЫДЫРАЛИЕВ

Кыргызстан менен Тажикстандын канча жараны коӊшу өлкөнүн аймагында атайын уруксат алып иштеп жатышат? Бул суроого депутат Руслан Казакбаев кызыкты. Ошондой эле ал  канча кыргыз жараны тажик абактарында отурганын сурады.

                       СНХ.Р.КАЗАКБАЕВ

Өзбекстандын Кыргызстандан картошка алууну бөгөп койгону туура эмес. Керек болсо алар Кыргызстан аркылуу Россиянын чоң рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк алып жатканда эки тараптуу соода жүгүртүүдө тоскоолдук жаратпашы керек, - дейт депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында.

                      СНХ.Ж.АКАЕВ

Ташкент шаарында өтүп жаткан “Алдын-алуу дипломатиясы аркылуу Борбор Азия кызматташтыгына Афганистанды тартууда парламенттин орду” аталышындагы аймактык семинарга депутаттар Эльвира Сурабалдиева менен Абдывахап Нурбаев катышууда. Жогорку Кеңеште Афганистан Ислам Республикасы менен кызматташуу боюнча достук тобу түзүлгөнүн билдирген депутат Эльвира Сурабалдиева, -  ошондой эле Сырдарыя жана Амударыя бассейндеринин суу-энергетикалык маселелерин талкуулоого аймактагы бардык өлкөлөр тең укуктуу катышуусу керектигине токтолду.  Иш чарага катышып жаткан депутат А. Нурбаев Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү боюнча стратегиясынын максаттарын атады. Бул жолку семинар БУУнун Борбор Азия мамлекеттери үчүн алдын алуу дипломатиясы боюнча Регионалдык борбору тарабынан Өзбекстан Республикасынын Парламенти жана Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен уюштурулууда.  

Социалдык тармактардагы талкуулар ээн – эркин жүрүп жатканда, аларга карата көзөмөлдүк болобу, же жокпу? Бул суроого депутат Ирина Карамушкина жооп алууга кызыкты.

                   СНХ.И.КАРАМУШКИНА

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 13 - сентябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын областтарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас областтарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын областтарында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы  Чүй, Нарын: 18...23, Талас: 17...22, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 23...28, Ысык-Көл: 16...21 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 13 - сентябрда жаан – чачындын ыктымалдыгы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 21...23 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 72

Окшош жаңылыктар