«Ачык асман»  саясаты эл аралык авиарынокко жол ачат

11-09-2018 12:42

Бүгүн,  11-сентябрда депутат Жанар Акаев жана “Эйр – Кыргызстан” мамлекеттик авиакомпаниясынын генералдык директору Жолдош Бектурганов депутаттар тарабынан демилгеленип жаткан “Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу маек куруп, “Парламент” радиосунун түз эфиринде болушту.

Эл өкүлү Жанар Акаев, -   “Ачык асман” саясатын ишке ашыруу зарылдыгын белгилеп,  эгер ал шарт ишке ашса өлкөнүн аэропорттору менен алардын жер үстүндөгү кызматтары үчүн эл аралык авиарынокко жол ачылат, - дейт.  Дүйнөдө “Ачык асман” саясатын колдонуунун ар кыл механизмдери  бар. Ал эки тараптуу, көп тараптуу келишимдер менен бекемделет.

Ал эми “Эйр – Кыргызстан” компаниясынын жетекчиси Жолдош Бектурганов, - учурда Кыргызстан 9 өлкө менен аба катнашын жолго койгондугун билдирди. Ошентсе да, Борбордук Азиядагы авиациялык карым - катнаш абдан төмөн, - деди адис.

Кыргызстандагы авибилеттердин баасы Казакстанга менен Өзбекстанга салыштырганда 39%га, ал эми акчалай алганда_350 долларга кымбат.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору “Ачык асман” саясатын колдонуунун дүйнөлүк тажрыйбасын калыптандырып, Кыргызстандагы жарандык авиациянын абалын жакшыртат, - деп кошумчалады Ж.Бектурганов.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 175

Окшош жаңылыктар