ЖАҢЫЛЫКТАР 12.09.18.

12-09-2018 08:36

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңеш бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлорун карайт. Алардын катарында “Кошумча айырмалоочу эмблеманы (III Протокол) кабыл алуу боюнча 1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенцияларына карата 2005-жылдын 8-декабрындагы кошумча протоколго кошулуу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору бар. Ошондой эле “2018-жылдын 2-февралында Алматы шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору болсо экинчи окууда талкууланат.  

Чыӊгыз Айтматов атындагы орденди белгилөө жөнүндөгү демилгени Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитет колдоп берди. Демилгечи депутат катары Аида Касымалиеванын айтымында, Чыӊгыз Айтматов атындагы орденди белгилөө демилгесинин негизги максаты залкар жазуучунун көркөм мурасын сактоо, кеӊири жайылтуу болуп саналат.

                            СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Депутат Асель Кодуранова эгер Айтматов атындагы орден кабыл алынса, анда Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын ролу кандай болоруна кызыкты.

                           СНХ.А.КОДУРАНОВА

Эгер “Мамлекеттик сыйлыктар тууралуу” мыйзамдын өзгөртүүлөрү кабыл алына турган болсо Чыӊгыз Айтматов атындагы ордендин эскизи кандай тартипте даярдалат? Бул тууралуу КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы  Жылдыз Сманбаева буларды түшүндүрдү.

                           СНХ.Ж.СМАНБАЕВА  

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдары жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун жактырды. Ушундай келишим канча мамлекет менен жолго коюлгандыгын депутат Бактыбек Сыдыков тактады.

                           СНХ.Б.СЫДЫКОВ

Акыйкатчы кызмат ордунун канчадан бери бош тургандыгына кайрылган депутат Алмамбет Шыкмаматов бул маселени кароо кечиктирилгис жагдайлардын бири, - деп белгиледи тармактык комитеттин кечээки жыйынында олуттуу суроо көтөрүп.

                         СНХ.А.ШЫКМАМАТОВ  

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 12 - сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарында мезгил-мезгили менен жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Абанын температурасы Чүй: 20...25, Талас, Нарын: 19...24, Баткен: 25...30, Ысык-Көл:17...22 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад: 27...32 градуска чейин ысыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 12 - сентябрда күндүз бир аз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 22...24 градус жылуу болот.
 

Көрүүлөрдүн саны : 20

Окшош жаңылыктар