ЖАҢЫЛЫКТАР 11.09.18.

11-09-2018 09:00

Бүгүн, 11-сентябрда Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Бул багытта тармактык комитеттин төрагасы К.Рыспаев баяндама жасамакчы.

Жыйымдар менен төлөмдөр жана айып пул түрүндө түшкөн бардык каражаттар республикалык бюджетке чегерилиши керек.  Мындай талап Өкмөт тарабынан демилгеленип жаткан бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө камтылган. Бул маселе кечээ, 10 – сентябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында каралды. Шайлоо күрөөсү Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебинде сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин республикалык бюджеттин эсебине которулат. Бул тууралуу да жогорудагы мыйзам өзгөртүүлөрүндө айтылат. 

“2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу”  мыйзам долбоору да социалдык комитет жыйынындагы негизги темалардын бири болду. Ага ылайык, эки өлкө жарандары үчүн пенсиялык укуктарды жана милдеттенмелерди түзүүдө тиешелүү келишимдерди ишке ашыруу каралган. Ошого жараша аталган эки мамлекеттин кайсынысында болбосун дайындалган пенсиялар алардын башка республиканын аймагында жашагандыгына карабастан ошол эле өлчөмдө төлөнөөрү каралууда. Ушундай эле тартип Россия, Корея, Казакстан сыяктуу мигранттардын массалык агымы көп мамлеккеттерде да ишке ашса жакшы болмок, - деген пикирин депутат Алмазбек Токторов билдирди.

                              СНХ.А.ТОКТОРОВ

Чаткал районуна жетүүнүн өзү азап. Анткени, жолдун узактыгы бир тең болсо, анын сапатынын алымсындырбаганы да өзүнчө түйшүк. Дал ушундай шартта сыркоолоп калгандар болсо алардын борборго келүүсү олуттуу көйгөй. Ал жакта маселени жеринде чечип сыркоолуунун дартына дабаа тапчу дарыгерлерге деле жакшы шарт түзүлүп бериле элек. Бул тууралуу депутат Аида Касымалиева тармактык комитеттин жыйынында билдирди.

                             СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Ысык – Көл областындагы областтык ооруканадагы иштер акырындык менен электрондук тарипке өтүп, жаңычылдыкка умтулган кадамдар байкалууда. Бул тууралуу депутат Аида Исмаилова маалымдап, буларга токтолду.

                           СНХ.А.ИСМАИЛОВА

“Беш кол тең эмес”, - дегендей, Ысык – Көл областындагы дарыгерлердин ишке болгон кайдыгерлигине каар кайнай турган учурлар да жолугаарын айтып, тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова төмөндөгү аянычтуу окуяга токтолду.

                          СНХ.Г.МОЛДОБЕКОВА

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 11 - сентябрда Ысык-Көл, Нарын областтарынын кээ бир райондорунда жана Чүй областынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын областтарында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 22...27, Талас, Нарын: 21...26, Ысык-Көл:  19...24 градус жылуу болот.  Ош, Жалал-Абад, Баткен: 26...31 градуска чейин ысыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 11 - сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 23...25 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 20

Окшош жаңылыктар