Мөңгүнүн суусунун көөкөргө куюлуп, эстафетаны коштогону баалуу болду

10-09-2018 13:15

Жогорку Кеңеш депутаты Алмазбек Баатырбеков бүгүн, 10-сентябрда "Парламент" радиосуна курган маегинде көчмөндөр оюндарынын жүрүшү, Кыргызстан үчүн аталган иш чаранын маанилүүлүгү тууралу айтып берди.

Көчмөндөр оюндары быйыл Кыргызстанда үчүнчү ирээт өтүүдө. Кыргызстан көчмөндөр оюндарын дүйнөлүк масштабга татыктуу алып чыга алды. Аталган иш чарага 74 өлкөдөн 1976 оюнчу келип күч сынашкан. Казакстан, Түркия мамлекеттеринин президенттеринин көчмөндөр оюнунун ачылыш аземине катышкандыгы дагы аталган иш чаранын аброюн бир топ көтөрдү. "Кырчын" жайлоосундагы оюндар, кыргыздын каада - салтын даңазалаган көргөзмөлөр иш - чаранын жүрүшүнө көрк кошту. 

"Учурдан пайдаланып баардык уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем. Иш чаранын жабылуу аземиндеги мөңгү суусунун көөкөргө куюлуп, Түркия мамлекетине өткөрүлүп берилиши дагы өзгөчө сезимдерди калтырды. Кыргызстан дүйнө элине дагы бир ирээт өз маданиятын жана тарыхын даңазалай алды. Бул үчүн чоң сыймык!", - деди эл өкүлү Алмазбек Баатырбеков.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 142

Окшош жаңылыктар