ЖАҢЫЛЫКТАР 10.09.18.

10-09-2018 08:45

Бүгүн, 10 – сентябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет кезектеги жыйынына чогулат. Анда Өкмөт тарабынан демилгеленип жаткан бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр каралат. Кыргыз Республикасында гемодиализ алган оорулуулардын кайрылуусуна да бул ирет көңүл бурулмакчы.  Ошондой эле “2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу”  мыйзам долбоору да талкуудагы негизги темалардын бири.Ушул эле маселе бүгүн Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында да талкууга коюлмакчы.

Улуу Британия Парламентинин Лорддор палатасынын депутаты, баронесса Вивиен Стерн Кыргызстандагы III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып, зор таасир алган эл аралык делегациянын катарындагы расмий өкүлдөрдүн бири. Аны менен Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Асель Кодуранова жолугушуп, эки тараптуу парламенттер аралык байланышты  чыӊдоо багытында пикир алышты. Ошондой эле бул диалогдун жүрүшүнө депутат Наталья Никитенко менен Улуу Британиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Робин Орд-Смит да катышты.

"Адам укуктары жана мыйзам үстөмдүгү боюнча Борбор Азия чөлкөмүндөгү кызматташтык" темасында Брюсселде  өткөн иш-чарага депутат Аида Касымалиева катышты. Үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдүн алдын алуу, аялдардын саясаттагы орду, үй-бүлөнү, ишкер айымдарды колдоо жана бул багыттагы бир катар парламенттердин депутаттары менен кызматташуу маселелери талкууланган эл аралык жыйында депутат Аида Касымалиева Кыргызстанда аялдардын жана балдардын укуктарына арналган жана бул жаатта кабыл алынган мыйзамдар тууралуу маалымдап,  мигранттардын балдарынын тагдыры, жөлөкпул боюнча мыйзамдын аткарылышын камсыздап, бул боюнча жер-жерлерде иш алып баруу зарылчылыктарына токтолду. Аталган эл аралык жыйынга Өзбекстандын,Тажикстандын, Казакстан менен Түркмөнстандын расмий өкүлдөрү да катышты.

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 10-сентябрда Ысык-Көл, Нарын областтарынын кээ бир жана Чүй областынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорго кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын областтарында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 24...29, Талас: 23...28, Ысык-Көл, Нарын 21...26 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен: 27...32 градуска чейин ысыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 10 - сентябрда жаан – чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 26...28 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 81

Окшош жаңылыктар