ЖАҢЫЛЫКТАР 04.09.18.

04-09-2018 09:11

Бүгүн, 4-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги сессиясы расмий ачылат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 77-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” КР мыйзамынын 34-беренесине ылайык парламенттик сессия ушул жылдын сентябрь айынын биринчи иш күнүнөн алдыдагы жылдын июнь айынын акыркы иш күнүнө чейин жүргүзүлмөкчү.

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин фракция лидерлери Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен да жолугушуп, парламенттер аралык  кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашкан эле. Ошол эле жолугушууда социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери көтөрүлүп, бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу аркылуу кызматташтыкты бекемдөө зарылчылыгы да айтылды. Жолугушууга фракция лидерлери Иса Өмүркулов, Жыргалбек Турускулов, Алмазбек Баатырбеков, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов катышты. 

Учурда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө маанилүү иш чаралардын бири. Анын ачылыш салтанатына Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары катышты. Эки жылда бир өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл III ирет Ысык-Көл областында старт алды. Ал 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин уланат. Анын эки миңдей катышуучулары улуттук спорттун 37 түрү боюнча күч сынашышмакчы.

Сентябрь айынын баштапкы күндөрүндөгү дагы бир маанилүү окуя – бул Бишкек шаарында курулган Борбор Азиядагы эң чоң мечиттин ачылышы болду. Ага  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган бир катар расмий өкүлдөр күбө болушту. Эске салсак, жаңы шаардык мечит Борбор Азиядагы чоң мечит болуп эсептелет. Ал Анкара шаарындагы Кожотепе мечитинине архитектуралык стилине жактан бир топ жакындаштырылып курулган. Мечиттин долбоору менен Кыргызстандын жана Түркиянын дин башкармалыктары иш алып барып, курулушуна түрк тарап 25 миллион доллар каражат бөлүп берген.

                          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 4-сентябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Нарын: 21...26, Ысык- Көл, Талас: 20...25, Ош, Жалал-Абад, Баткен:26...31 градус ысык болот. Бишкек шаарында бүгүн, 4 – сентябрда  жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 23...25 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 176

Окшош жаңылыктар