Депутат Акылбек Жамангулов Чүй облусунун Кемин районунда шайлоочулар менен жолугушту

10-07-2018 09:09

Жогорку Кеӊештин «Республика – Ата-Журт» фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов Чүй облусунун Кемин районунда болуп,  жергиликтүү тургундар менен жолугушууда эскилиги жеткен социалдык обьектилердин абалы менен таанышты.

Эл өкүлүн министрликтердин жана мамлекеттик деӊгээлдеги  мекеме-уюмдардын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү коштоп жүрүштү. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, таза сууга байланышкан көйгөйлүү учурлар  жеринде талкууланды.

Депутаттын жергиликтүү эл менен  жолугушуусу облустун башкы имаратында жана Орловка айылынын маданият үйүндө өтүп, отурум суроо-жооп иретинде улантылды.  Жергиликтүү калк өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Анда негизинен жолдордун абалы, таза суунун жетишсиздиги, мектеп, бала бакча жана  турак жай куруу үчүн жер участкаларынын тартыштыгы негизги көйгөй катары айтылды.

 Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 26748

Окшош жаңылыктар