КР ЖК Аппарат жетекчисинин орун басары Т.Шаболотов профессор окумуштуулук наамына ээ болду

04-07-2018 14:22

Бүгүн, 4-июлда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттин Аппарат жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотовго Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен ыйгарылган “Саясат таануу” адистиги боюнча профессор окумуштуулук наамын тапшырды.

Аталган ардактуу наамдын атайын төш белгисин жана күбөлүгүн тапшырып жатып, Төрага Дастанбек Жумабеков  наам ээсине ийгиликтерди жана илим жолундагы зор жетишкендиктерди каалады.

Кошумчалай кетсек, Тажимамат Шаболотов Кыргыз Республикасынын II даражадагы мамлекеттик кеңешчиси, Техника илимдеринин кандидаты, доцент жана саясий илимдердин доктору, ошондой эле бир катар мамлекеттик жана башка сыйлыктардын ээси катары белгилүү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 17881

Окшош жаңылыктар