Төрага Дастанбек Жумабеков бир катар мамлекеттик жана социалдык мекемелердин кызматкерлерине Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды

04-07-2018 13:01

Бүгүн, 4-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бир катар мамлекеттик жана социалдык мекемелердин кызматкерлерине Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

Аземде куттуктоо сөзүн сүйлөгөн Төрага Дастанбек Жумабеков экономика, маданият, илим, медицина тармактарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу институттарынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар бир сыйлык ээсине ыраазычылык билдирди.

“Өлкөдөгү тиешелүү тармактардын өнүгүшүнө көрсөткөн көмөгүңүздөр өтө баалуу. Биз сиздердин тажрыйбаңыздарга жана эмгегиңиздерге таазим этебиз. Мындан ары да зор аракет менен жаңы бийиктиктерди багынта берериңиздерге ишенебиз. Анткени бардыгыбыз өлкөбүздүн өнүгүшүнө, Кыргызстаныбыздын гүлдөп-өсүшүнө кызыкдарбыз. Ал эми Жогорку Кеңеш экономика, ишкерчилик, илим, маданият, медицина тармактарынын жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорлорун кабыл алып, колдой берет”, – деп белгиледи Төрага Дастанбек Жумабеков.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын алгандардын катарында Махабат Маматова, Жумабек Ажыбеков,  Жаңыбай Туманов, Нина Водяная, Кериш Ибраев, Аман Момунов, Гульгана Шонкорова, Бурул Алмазбекова, Таалайбек Кайназаров, Кудретбек Кыдыралиев, Тургунбүбү Насиралиева, Сагынбек Акматалиев, Кундузкан Аманова, Зарылбек Молдобакиров, Гульшан Молдоева, Курманбек Кыдыралиев, Кансулу Акынбекова,  Абдулла Мусаев, Гүлсүн Саякбаева, Толкун Самакова, Айдай Жарматова, Айнура Эгинбаева, Нарынбек Исабеков, Тимурбек Чокморов жана Уланбек Рыскуловдор бар.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасынын энчилүү сааты менен Жаныш Сулайманов жана Айдарбек Шералиев сыйланды.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 14706

Окшош жаңылыктар