ЖАҢЫЛЫКТАР 29.06.18.

29-06-2018 08:56

Бүгүн, 29-июнда Төрага Дастанбек Жумабеков журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрөт. Анда жыйынтыкталган сессиялык мезгил аралыгындагы парламент ишмердүүлүгү баяндалмакчы. Жогорку Кеңештин Басма сөз борборунда саат 11:00дө өтүүчү аталган иш чараны расмий сайттагы “Парламент” радиосунун баракчасынан таап уксаңуздар да болот.

Бүгүн, 29- июнда “Кыргызстан” парламенттик фракциясы Жалал – Абад областында көчмө жыйын өткөрүп, 2018-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыялангандыгына байланыштуу бул багытта аткарылып жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат угат.

Парламенттин колу жетпеген бир дагы тармак болбош керек. Мындай пикирин билдирген жарандык коомдун өкүлү Рита Карасартова Жогорку Кеңеште коопсуздук тармактарын көзөмөлгө ала турган атайын комитетти түзүү демилгесин жактай тургандыгын ачыктады. Коррупцияга каршы күрөшүү иштериндеги ар бир кадам ачык – айрым болушу шарт, - дейт жарандык активист.

                              СНХ.Р.КАРАСАРТОВА

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу  Суу кодексине, “Суу жөнүндө” мыйзамга кошумчаланып жаткан маселелер Жогорку Кеңеште  1- окууда кабыл алынды. Талкууда өндүрүш, тоо-кен тармагындагыларга суу пайдалангандыгы үчүн милдеттүү түрдө төлөм төлөнөрү айтылды. Ошондой эле сууну товар катары таануу зарылчылыктары белгиленди. Андай сунушту депутат Умбеталы Кыдыралиев көтөрдү.

                             СНХ.У.КЫДЫРАЛИЕВ

Депутат Кенжебек Бокоев коңшу өлкөлөрдөн келип, оңдоп – түзөө иштерин жүргүзсө аларга кандай мамиле кылынмак эле? – деген суроого кызыгып, сууну колдонуу жаатындагы маселеде өз пикирин ортого салды.

                             СНХ.К.БОКОЕВ

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүнө тиешелүү мыйзам долбоорлорун сунуштап келе жаткандыгын айткан депутат А.Жамангулов, - азыркы шартта 3000ге жакын киши турак – жайга насыя алгандыгын маалымдап, ошол эле мезгилде ортодо иштин солгундап кеткендигине каражаттын тартыштыгы себеп болгондугун билдирди. Анын айынан бул долбоор  3 айга жакын токтоп туруп, кайрадан жанданды. Себеби, каржы булактары ачылып, жаңы эле 500 млн. сом 1 – траншка каралды, - дейт эл өкүлү. 

                            СНХ.А.ЖАМАНГУЛОВ

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын каржылоосунун негизинде Нарын шаарында бир көп кабаттуу турак жай курулуп жатат. Ал 50-60 баатирге эсептелген. Андан тышкары социалдык үйлөр да салынууда. Алар негизинен күч түзүмдөрүнүн  адистерине арналган, - дейт ЖК депутаты Акылбек Жамангулов “Парламент” радиосуна курган маегинде. Ошондой эле эл өкүлү Германиянын КЭФ  банкы тарабынан дагы региондордо турак – жайларды куруу жагынан да жакшы кадамдар башталып, ага 11 млн. евро каралгандыгын билдирди.

                           СНХ.А.ЖАМАНГУЛОВ

“Республикадагы айылдардын катарында бир гана айылдан турган айыл өкмөттөрү бар экен. Алардын көрсүткүчү 37”, - дейт депутат Кенжебек Бокоев “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп. Ошондуктан, калыс карап, каражат бөлүп,  айылдарды дотациядан чыгаруу жолдорунун бири Административдик – аймактык реформа. 2008 – жылдан бери бул теманы тынбай козгоп келе жатсам да, жылыш болбой жаткандыгы өкүндүрөт, - деди эл өкүлү.

                           СНХ.К.БОКОЕВ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 29-июнда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы  Чүй: 28...33, Талас: 26...31, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 29...34 градус ысык болот. Ысык-Көл, Нарын: 23...28 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 29 –июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы  31...33 градус ысык болот.

Көрүүлөрдүн саны : 45

Окшош жаңылыктар